Ысык-Көлдө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

Саммитке катышуу үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусиянын премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович учуп келет.

Ал эми Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус байкоочу катары онлайн катышат.

Өкмөт башчылар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат.

Президент Садыр Жапаров 19-августта Ысык-Көл облусуна үч күндүк иш сапарына жөнөп кетти. Ал ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Андан соң Жапаров Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышып, өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы кошулган. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. ЕАЭБдин курамына Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирет.