Жогорку сот 13 жашар кызды зордуктаган кишинин өкүмүн күчүндө калтырды

Иллюстративдик сүрөт

Жогорку сот Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13 жашар кызды зордуктаган У.Кнын өкүмүн күчүндө калтырды. Ысык-Көл облустук соту аны 20 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан «Клоопко» 19-августта билдиришкендей, 45 жаштагы айыпталуучунун жактоочусу Ысык-Көл облустук сотунун өкүмүн өзгөртүү өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Жактоочу муну облустук сот «өтө катаал» өкүм чыгарган деп негиздеген.

Анткен менен соттук коллегия жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды. Буга чейин Жогорку сот өспүрүм кызды зордуктаган дагы эки кишинин өкүмүн да өзгөртүүсүз калтырган — аларды облустук сот 15 жылга кескен

13 жашар кызды зордуктоо иши

Өспүрүмдүн үч киши тарабынан зордукталып жүргөнү 2019-жылдын ноябрында билинген. Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 13 жаштагы кыз дайынсыз жоголуп, эртеси күнү кечинде табылган. Ал ата-энесине айылдашы Бишкекке алып барып зордуктаганын айтып берген. Кийинчерээк жабырлануучуну дагы эки киши — бирөөсү мектептин кочегары, экинчиси кара жумушчусу — зордуктап жүргөнү билинген.

Алгачкы кылмыш май айында мектептин сырттагы ажатканасында жасалган. Бирок кыз бул тууралуу ата-энесине айтып берүүдөн корккон.

Укук коргоо органдары «Зордуктоо» беренеси менен иш козгоп ишти сотко өткөргөн. Райондук прокуратура аларга 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмүн сураган.

Анткен менен 2020-жылдын 2-декабрында Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков мектепте иштеген эки шектүүнү актаган. Ал эми 45 жаштагы айыпталуучу «Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ал арада жабырлануучу кыз кош бойлуу экени белгилүү болгон.

Соттун чечими соцтармактарда сынга алынып, интернет колдонуучулар Соодонбековду жоопко тартууну талап кылышкан. Судья болсо мындай чечимди өзүнүн «ички туюмуна таянып» кабыл алганын билдирген.

Ал эми ошол кездеги вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жана Акыйкатчынын аппараты окуяны көзөмөлгө алышкан.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Ысык-Көл облустук соту айыпталуучуларды «Зордуктоо» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Анда кызды Бишкеке алып барып зордуктаган киши 20 жылга, ал эми калган эки шектүү 15 жылга кесилген.

Кылмышка күнөөлүү деп табылгандардын жакындары өспүрүм кыз «өзү эркектерди азгырган» деп айыптап, анын үй-бүлөсүн «айылдан айдап чыгууга» чакырышкан. Жабырлануучунун ата-энеси сотко кайрылышып, алардын кызына жалаа жапкандардан 5 млн сом кенемте талап кылышкан.

Ошол эле Тоң райондук соту өспүрүм кыздын ата-энесинин арызын жарым-жартылай канааттандырып, жалаа жапкан эки кишини 20 миң сомдон төлөөгө милдеттендирген.