Ысык-Көл: 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, бирок акталгандар кайра соттолду

Ысык-Көл облустук соту 29-мартта 13 жашар кызды зордуктоого шектелип жаткан үч адамды тең күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу жабыркаган кыздын тууганы Талант Байсейитов Kaktus.Media’га курган маегинде билдирди.

*Зордуктоого шектелген үч кишинин экөөсү акталганы 2020-жылдын декабрь айында белгилүү болгон. Ошол кезде Тоң райондук соттун судьясы Сабыр Соодонбековдун чечими менен сот залынан эки шектүү бошотулуп, үчүнчүсү 7 жылга кесилген.

Байсейитовдун айтымында, кыздын үй-бүлөсү Тоң райондук соттун чечимине макул болбой, Ысык-Көл облустук сотуна арызданган.

«29-мартта сот коллегиясы үч шектүүнү тең күнөөлүү деп таап, экөөнү 15 жылга, үчүнчүсүн 20 жылга кести», — деди Байсейитов.

Ал кыздын бир туугандары айыпталуучуларды өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышканын айтты.

Зордуктоо иши жана актоо өкүмү

2020-жылдын 2-декабрында Тоң райондук соту зордуктоону уюштурууга шектелгендердин экөөсүнө карата актоо өкүмүн чыгарган болчу. Үч шектүүнүн ичинен 45 жаштагы киши гана 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Байсейитов үч шектүүгө карата сот өндүрүшү өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн билдирген. Ал эми судья «Зордуктоо» беренесин «Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо» беренесине квалификациялаган. Прокурор шектүүлөргө 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмүн сураганына карабастан, судья ушундай чечим кабыл алган.

Бул кайгылуу окуя жөнүндө жабыркаган кыздын ата-энеси анын жоголуп кеткени жөнүндө маалымат бергенден кийин, 2019-жылдын ноябрь айында маалым болгон. Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кызды бир нече күндөн кийин 40 жаштагы кошунасыныкынан табышкан.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, ал киши кыздын ата-энеси Бишкекте болгонунан жана кыз көзү азиз чоң атасынын колунда тарбияланып жатканынан пайдаланып, кызды зордуктаган. Андан соң кызды үч адам зордуктаганы жана тергөөчү жабырлануучунун туугандарынын арызын кабыл албай жүргөнү белгилүү болгон.