Тоң району: 13 жаштагы кызды «бузулган» деп айыптаган тургундар 20 миң сомдон айыпка жыгылды

Тоң райондук соту 24-майдагы отурумунда жарым жыл бою үч киши зордуктап жүргөн 13 жаштагы кызды эл алдында «өзү эркектерди азгырган» деп билдирген эки тургунду күнөөлүү деп тапты.

Ата-энеси кызынын ар-намысын коргоо үчүн сотко кайрылып, 5 млн сом кенемте талап кылышкан. Сот алардын талабын жарым жартылай канааттандырып, айыпталуучуларды жалаа жапкандыгы үчүн 20 миң сомдон төлөөгө милдеттендирген.

Буга чейин Ысык-Көл облустук соту кызды зордуктаган үч адамды күнөөлүү деп таап, алардын экөөсүн 15 жылга, ал эми бирөөнү 20 жылга эркинен ажыраткан.

13 жашар кызды зордуктоо иши

Зомбулукка кабылган кыздын ата-энесинин айтымында, Тоң районундагы айылдардын биринин үч жашоочусу 13 жаштагы окуучу кызды жарым жыл бою зордуктап келген. Алар өз аракеттерин видеого тартып, классташтарыңа көрсөтөбүз деп коркутушкан.

Өспүрүм бул тууралуу эч кимге айткан эмес. Ата-энеси качан гана кызы бир сутка бою үйгө келбей калганда билишкен. Аны уурдаган адам айылдын 45 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ал кызды шаарга «киного жана концертке алып барам» деп айткан.

Милиция аны дароо кармап, ага адам уурдоо жана зордуктоо боюнча айып тагылган. Сурак учурунда кызды ага чейин зордуктап жүргөн эки таанышы жөнүндө айтып берген.

Кийинчерээк экспертизада зордукчулардын биринен кыздын боюна бүтүп калганы аныкталып, аборт жасалган. Кыз түнт болуп кеткендиктен врачтар жана психологдор аны менен бир жылдан бери иштеп келет.

Зордуктагандардын экөө кыз окуган жергиликтүү мектептин кызматкерлери болгон. Алар окуучу кыз карыган чоң атасынын колунда тарбияланып, коргоп алар эч кимиси болбогонунан пайдаланышкан. Кыздын ата-энеси бул убакта жайлоодо болушкан.

Кыздын ата-энесинин айтымында зордуктаган адамдын үй-бүлөсү аларга акча берип кутулуп кетүүгө аракет кылган. Айыпталуучулар 30 миңден 100 миң сомго чейин сунуштаган. Ошондой эле, жергиликтүү милиция кызматкерлери дагы акчаны алып ишти жабууну сунушташкан.

Ага карабастан кыздын үй-бүлөсү жергиликтүү мектептин эки кызматкеринин үстүнөн арыз жазышкан. Тергөө учурунда айыпталуучулардын күнөөсүнүн далилдери топтолуп, прокурор шектүүлөргө 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмүн сураган.

Бирок 2020-жылы декабрдын башында Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков үч шектүүнүн экөөсүн актаган. Ал эми зордуктоого шектелгендердин үчүнчүсүнө карата «Зордуктоо» беренесин «Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо» беренесине алмаштырып, 7,5 жылга эркинен ажыраткан.

Тоң райсотунун судьясы Сабыр Соодонбеков өзүнүн чуу жараткан өкүмү тууралуу «мен өзүмдүн ички туюмума таяндым» деп билдирген.

Мындан улам коомчулук жана Кыргызстандагы эл аралык уюмдар судьянын өкүмүнө нааразы болуп, райондук прокуратура өкүмдү даттана турганын билдирген.

Жыйынтыгында Ысык-Көл облсоту 29-мартта үч шектүүнү тең күнөөлүү деп таап, экөөнү 15 жылга, үчүнчүсүн 20 жылга эркинен ажыраткан.

Жалган жалаа жана коркутуулар

Шектүүлөрдүн биринин атасы «Настоящее время» басылмасынын журналисттерине курган маегинде зордукталган кызды айыптап, ал буга чейин эле «кыздыгы жок болуп» жаман жолдо жүргөн, биздин балабыз беш маал намаз окуйт деп актанган. Башка туугандары дагы ушундай эле пикирин билдирип, кыз «өзү күнөөлүү», жакшынакай балдарды «каралап» жатат деп билдиришкен.

Кыздын энесинин айтымында биринчи өкүм угузулгандан кийин соттолуучулардын туугандары жергиликтүү администрациянын алдында митинг өткөрүшкөн. Ага чейин социалдык тармактар аркылуу балдарды коргоп калууга жана зомбулук көргөн кыздын үй-бүлөсүн айылдан кууп чыгууга үндөгөн билдирүүлөрдү таратышкан. Алар айылды «уят кылып жатышат» деп жүйө келтиришкен.

«Ушундай ыплас сөздөрдөн, коркутуулардан кийин эл бизге да башкача карай баштады. Эми алды-артыңарды карап жүргүлө деп айтышты. Социалдык тармактардагы билдирүүлөр — эмне деген шумдук! Азыр телефон чалгандарга жооп берүүдөн, смс келсе ачуудан заарканып калдым», — деген ал.

Кыздын энеси Индира «Булардын кызы башынан ушундай», «Башынан эле бузулган кыз болчу» деген эки айылдашын 2021-жылдын март айында сотко берүүнү чечкен. Ал айыпталуучулардын ар биринен 5 млн сомдон кенемте талап кылган.

Доо арыз боюнча биринчи сот отуруму 22-апрелде Тоң райондук сотунда өткөн. Биринчи жоопкер, 15 жылга соттолгон зордукчунун атасы Казыш Койгелдиев сот отурумуна келген эмес. Экинчиси — Садыр Мамытов — отурумга адвокатсыз, эч кандай документтерин албай келген.

Судьянын «бул деген сот отуруму, ким экенин тактоо үчүн кандайдыр бир документ керек деген» сөзүнө Мамытов бош чөнтөгүн каккылап үндөгөн эмес. Кийин Мамытов адвокаттарга сөзүн артка алып, кечирим суроого даяр экенин билдирген.