Свердлов райондук соту активист Тилекмат Күрөңовду 1,5 жылга эркинен ажыратты

Активист Тилекмат Күрөңов 20-августта «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар», «Шайлоочуларды сатып алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Бишкектин Свердлов райондук соту аны бир жарым жылга камака алуу өкүмүн чыгарды.

«Бүгүн мени камакка алышты. [Сот] менин баш коргоо чарамды өзгөртүп, мурдагы айыптоолор боюнча күнөөлүү деп тапты. Эч ким сынбасын, акыйкат жакында орнойт», — деп билдирди Тилекмат Күрөңов соттун чечими чыккандан кийин коомчулукка жасаган кайрылуусунда.

Күрөңовдун камакка алынганын «Клоопко» Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова тастыктады.

Бир апта мурда Тилекмат Күрөңов ИИМдин 10-башкармалыгынын 10дон ашык опер кызматкери төрт машина менен келип, аны эч себепсиз кармап кетүүгө аракет кылганын билдирген.

«Достор Бакиевдердин заманы келиптир. Жанымда досторум болбогондо кармап кетишмек экен [...] Мен үй камагынын режимин бир мүнөткө дагы бузган жокмун. Бузган эмесмин. Бирок өзүңдүн далилиң болбосо негиз жок эле "үй камагын" бузду деген шылтоо менен камап коюшмак экен», — деп жазган ал фейсбук барагында.

Тилекмат Күрөңов деген ким?

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. 2020-жылы жайында ал тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан.

Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Ал ошондой эле, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин алып барган.

Тилекмат Күрөңовдү 15-мартта милиция кызматкерлери «социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн» кармалган. Бишкек ШИИББдин версиясы боюнча, активист «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырык жасаган».

«Ханституцияга каршы» кыймылынын мүчөсү Тилекмат Күрөңов кармалгандан кийин анын үйү менен кеңсесинде тинтүү жүргөн. 17-мартта Свердлов райондук соту активистти Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына бир айга киргизүү чечимин чыгарган.

Ал эми 21-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев Күрөңовго «шайлоочуларды сатып алуу» боюнча дагы бир айып тагылганын билдирген.

Бишкек шаардык соту 26-апрелде Күрөңовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, ал тергөө абагынан үй камагына чыгарылган болчу.

Тема боюнча:

Активист Тилекмат Күрөңов ИИМдин 10-башкармалыгы кармап кетүүгө аракет кылганын билдирди

Башкы прокурор: Тилекмат Күрөңов шайлоочуларды сатып алууга да айыпталууда