Чүй: Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы кырсыктан төрт киши каза тапты

Cүрөт: ӨКМ

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылына жакын жерде жол кырсыгы катталып, төрт киши каза тапты. Алардын арасында бир жаш бала бар.

ӨКМден билдиришкендей, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 50-чакырымында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктан үч киши жеринде каза болуп, дагы үч киши түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Ысык-Ата райондук ооруканасынан «Клоопко» оорукага түшкөндөрдүн бири көз жумганын маалымдашты. Маркумдун баш сөөгү ачык жаракат алып, ички органдары да жабыркаганы аныкталган. Калган эки кишинин абалы оор деп бааланууда.

17-августта Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 172-чакырымында жети адамдын өмүрүн алган автокырсык катталган. Анда 10дон ашуун жүргүнчү ташып бараткан «Мерседес-Бенц-Спринтер» жана оор жүк ташуучу «МАН» унаалары кагышкан.

Маалыматка ылайык, жалпы 23 адам кырсыкка кабылган. Анын ичинен маршруткадагы эки эркек жана үч аял окуя болгон жерде каза болуп, дагы 74 жаштагы киши жана бир ымыркай ооруканадан көз жумган.

Кырсыктан жабыркаган 16 адам Балыкчы шаардык ооруканасына жана Кочкор райондук ооруканага жаткырылган.

Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, жүргүнчү ташыган унаанын ичиндеги адамдар Ак-Талаа районунун тургундары болушкан. Ал эми каза болгондордун баары тең Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылынын тургундары.