УКМК муфтияттын ишине кийлигишпесин деген аксакалдар митингге чыкты

«Бакай» аксакалдар кеңешинин бир нече мүчөсү 23-августта өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Алардын бири — укук коргоочу Анварбек Төлөмүшев кеңеш УКМК тез арада муфтияттын иштерине кийлигишкенин токтотуусун талап кылып жатканын билдирди.

Видео: 24.kg

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук комитети муфтийдин шайлоосуна кийлигишип, жети талапкерди Замир Ракиевдин пайдасына жарыштан баш тартууга мажбурлаган.

«Буга макул болбой койгон Султан Гапуровду сынак болот деген күнү колдорун кайрып, террористти кармагандай муфтияттын алдынан кармап кетти. Сынак комиссиясы Гапуров келбей койду деген жүйөө менен Замир Ракиевди жалгыз талапкер катары чыгарып, ал өлкөнүн муфтийи болуп шайланган», — деп айтып берди аксакал.

Төлөмүшев УКМКнын кызматкерлерине чара көрүүнү талап кылды.

Андан тышкары, укук коргоочу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Тойгонбай Абдыкадыровду «интрига токуйт жана компетенттүү эмес» деп айыптады. Ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Абдыкадыровго бул кызматка келүүгө көмөк кылган деп дагы билдирди.

«Биз Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга Камчыбек Ташиевдин сабатсыз досун эмес, компетенттүү адамды дайындоону талап кылабыз», — деп билдирди аксакалдар кеңешинин мүчөсү.

Ошондой эле, ал муфтий Замир Ракиевди кызматтан алып, анын ордуна «салттуу динди карманган» адамды алып келүүнү талап кылды.

Укук коргоочунун айтымында, муфтий — уюмдары Түркияда террористтик деп табылган түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин жолун жолдоочу.

Буга чейин «Нур» партиясынын мүчөсү Руслан Бекназаров дагы атайын кызматтын өкүлдөрү муфтийликке ат салышкан талапкерлерге басым жасаганын айтып чыккан.

УКМК дароо бул маалыматты төгүндөп, чындыкка дал келбейт деп жооп берген.

«УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишине кийлигишүүгө акысы жок. Конституция боюнча, диний ишенимдер мамлекеттик башкаруудан бөлүнүү», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын Аалымдар кеңеши 26-июнь күнү өлкө муфтийин шайлаган. Бул кызматка борбор калаанын мурдагы казысы Замир Ракиев келген. Аталган орунга жалпы тогуз адам талапкерлигин койгон. Буга чейин ал кызматты муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыев аркалап жаткан.

Тема боюнча: Муфтийликке талапкерлерди каттаган комиссия аларга басым болуп жатканын айтты