Бекешев: Фейктер жөнүндө мыйзам интернеттеги чабуулдан бийликтин өзүн гана коргойт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кечээ күнү президент кол койгон фейктер жөнүндөгү чуулгандуу мыйзамга комментарий берди.

«Бул мыйзам интернеттеги чабуулдан бийликтин өзүн гана коргойт. Ал шайлоолордо же саясат жанданган убактарда ачыла койгон троллдор фабрикасынын жайылуусун жана фейк маалыматты эч качан жок кыла албайт. Бул мыйзам бийликке алардын катасын көрүп, ошол каталар тууралуу жазгандардан коргонууга жардам берет», — деп билдирди Бекешев телеграм-каналында.

Анын айтымында, фейктер жөнүндө мыйзамдан улам адамдар өлкөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу үн катып, бийликти айыптай албай калышы ыктымал.

«Кимдир бирөө S-300 сатып алды, кимдир бирөө резиденцияда балдарын үйлөнтүп жатат деп жазгандар азаят. Мына ошолорго кыйын эле болот», — деп белгиледи депутат.

Тема боюнча:«Ала-Арча» резиденциясынан Камчыбек Ташиев уулуна ал жакта үлпөт той өткөргөнүн четке кагышты

Аны менен катар, Бекешев мыйзам дароо эле күчүнө кирбей турганын кошумчалады.

«Мыйзам болжол менен үч, балким андан көбүрөөк айдан кийин иштеп баштайт. Анткени республиканын бюджетине өзгөртүү киргизүү керек, кайсы бир мамлекеттик орган баарын мониторинг кылышы керек», — деп айтып берди ал.

Президент Садыр Жапаров 23-августта «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон.

«Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат», — деп айтылат өлкө башчысынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Тема боюнча:

Президент фейктер жөнүндө чуулгандуу мыйзамга кол койду