Турсунбек Асылгазиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Турсунбек Асылгазиев жиу-житсу* боюнча дүйнө чемпиону титулун алды.

Таймаш 19-22-августта Украинанын борбору Киевде өткөн.

Асылгазиев «Спутник Кыргызстан» басылмасына мелдешке 92 кг салмакка чейин катышып, финалда казакстандык атаандашы Бейбит Закировду жеңгенин айтып берген.

Жиу-житсудан тышкары Асылгазиев аралаш мушташ искусствосу боюнча дагы спорт чебери — ММА, 2016-жылы ал JFC чемпиону болгон.

Асылгазиев 35 жашта, профессионалдык карьерасын 2009-жылы баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин 15 беттешке чыгып, 8 жолу утуп, анын 6 беттешинде утулган.

*Жиу-житсу — жапон мушташ өнөрү, ага курал жана куралсыз кармашуу техникасы кирет; негизги принциптеринин бири «жеңил», «ийкемдүү» кыймылдар техникасы болгон кармашуу искусствосу.