Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 4 киши каза болду, жаңы 229 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 25-августка карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 4 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 498 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 229 учуру катталды — Бишкек шаарында — 102, Чүй облусунда — 46, Жалал-Абад облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 27, Ош шаарында — 7, Ош облусунда — 8, Нарын облусунда — 12, Талас облусунда — 3, Баткен облусунда — 10. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 174 576га жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 444 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 167 590 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 1 260 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 1 794.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 25 954 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 25-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 649 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 387 миңден ашуун.