«Сүрөттө эч кандай саясат жок». «Ата-Бейитте» чогулган алты президент

«Ата-Бейит» сүрөтүнүн автору Таалайбек Усубалиев

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 24-августта «Жаңы социалдык реализм 2» аталыштагы көргөзмөнүн ачылышы өттү.

Көргөзмөнүн куратору Гамал Бөкөнбаевдин айтымында, көрүүчүлөрдүн көңүлүн сүрөтчү Таалайбек Усубалиевдин «Ата-Бейит» аталыштагы сүрөтү бурду.

Анда эгемен Кыргызстандын алты президенти гүлчамбардын жанында аза күтүп турушат. Алардын артында бозумдук түстөгү Кыргызстандын картасын көрүүгө болот.

Соцтармактардын колдонуучулары чыгарманы чечмелөөгө аракет кылып жатышат. Айрымдар «Садыр Жапаров алты бардык президенттердин башын бириктириши мүмкүн» деп божомолдоп жатышат. Анткени августтун башында Кыргызстанга бозгун президенттердин бири Аскар Акаев келип кеткен.

Башкалар бул сүрөттү «Алты президент өлкөнүн тажыясында» деп атап коюшту. Ошондой эле соцтармактардын колдонуучулары мурдагы президенттер жерди карап турушса, учурдагы өлкө башчы Жапаров элдин көзүнө карап турганын да талкуулап жатышат.

Ал эми Гапар Айтиев атындагы музейден «Клоопко» Усубалиевдин сүрөтүндө «эч кандай саясат жок» деп билдиришти.

«Автор өзү бул чыгарманы мындай чечмелеп жатат. Кандай болгон күндө да өлкөнү башкарган алты президент “Ата-Бейитте” чогулган. Ал жерде биздин улуу инсандар көмүлгөнү бизге белгилүү. Бул жерде эч кандай жаман ой жок. Ал [автор] бардык президенттерди чогултуу менен мамлекеттин көйгөйлөрүн тынчтык жолу менен чечүү керек деген ниетин билдирүүдө», — деп билдиришти музейден.

Мындан сырткары көргөзмөдө сүрөтчүлөр Нюргуяна Иннокентьева, Арууке Сыдыкалы кызы, Саркы Сооронбаев, Таалай Усубалиев жана Базаркул Өмүркул уулунун тарткан сүрөттөрү да коюулду. Бул иш-чараны Tolon Museum жана Bilimkana уюмдары PostTotal кыймылынын алкагында уюштурушкан. Көргөзмө 7-сентябрга чейин созулат.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси

«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси 2000-жылы салынган — анын курулушун биринчи президент Аскар Акаев демилгелеген. Мемориалдык комплекс 1930-жылдары Иосиф Сталиндин репрессияларынан жапа чеккендерге арналган.

«Ата-Бейитте» Кыргызстандын тарыхында калган белгилүү болгон инсандар көмүлгөн — алардын арасында Элдик комиссарлар кеңешинин төрагалары Жусуп Абдырахманов жана Баялы Исакеев, Кыргыз облусттук комитетинин катчысы Төрөкул Айтматов жана анын баласы, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов, Эл агартуу комиссары Касым Тыныстанов жана Жер боюнча эл комиссары Эркинбек Эсенаманов бар.

Ошондой эле «Ата-Бейитке» 2010-жылкы Апрель революциясында каза болгондордун сөөгү да коюлган. Жыл сайын «Ата-Бейитте» революциянын курмандыктарына куран окутулат, ага өлкө башчылар да катышат. Акыркы жолу мемориалдык комплекске экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана президент Садыр Жапаров өткөн жылдын ноябрында барып, барышкан. Бул күнү тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленген.