ЖМК: Питерде мигранттар мушташып, бир адам бычак жеди

Орусиялык ЖМКлар 22-август түнү Петербург шаарынын чет-жакасында Борбор Азиянын мигранттарынын ортосунда массалык мушташ болгонун жазышты. Алардын маалыматы боюнча, мушташка 25ке жакын адам катышып, бир киши ооруканага жеткирилген.

Бычак жеп жарадар болгон киши Өзбекстандын жараны. Анын көкүрөк тушуна бычак сайылган, абалы оор.

Окуя болгон жерге полиция кызматы барып, 14 мигрант полиция бөлүмүнө алып келинген: Өзбекстандын тогуз жараны, төрт тажикстандык жана бир кыргызстандык.

ЖМКнын маалыматына таянсак, кармалгандардын бешөө Орусиянын аймагында жүрүү режимин бузганы үчүн 500 рубль айыпка жыгылган. Сегиз адам келип туруу милдеттенмеси менен бошотулган. Бир киши камакта калган. Ден соолукка залал келтирүү жана бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду.

Жергиликтүү «Оперативное прикрытие» агенттиги 23-августта аталган кылмыш ишинин алкагында дагы төрт адам кармалганын билдирет: Өзбекстандын үч жараны жана Орусиянын бир жараны.

Акыркы айларда Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттардын ортосунда чыккан мушташтар көп каттала баштады. Орусия ИИМи миграция мыйзамдарынын бузулганын аныктоо үчүн курулуш аянттарында, хостелдерде, жатаканаларда жана батирлерде мөөнөтсүз рейд жүргүзө баштады.

Бир ай мурда, 11-июлда Москванын Кузьминки районунда Борбор Азиянын мигранттарынын ортосунда массалык мушташ катталган. Бир нече адам бычак жеп ооруканага түшкөн.

14-июлда Москва полициясы Кузьминкидеги массалык мушташтын бир катар катышуучуларына соттун чечими менен айып салынып, Орусиянын аймагынан чыгарыларын жана бир катар адамдарга өлкөгө кирүүгө тыюу салынарын билдирген.

Полициянын маалыматына караганда, мушташ болгон күнү ага аралашкан 103 адам аймактык бөлүмгө жеткирилген. Алардын 70и кыргызстандыктар.

18-июлда Подмосковьеде дагы мушташ катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, мушташкандардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Массалык мушташтар көбөйүп кеткенине байланыштуу укук коргоочу Валентина Чупик мигранттарды чагымга алдырбоого чакырды.

«Мигранттардын тайпаларында өзбекчеси начар, кыргызчасы начар видеолор жайылтылып жатат, бул видеолор өз тилин билгендер тарабынан жасалганы күмөн санатат. Балким, бул видеолор мигранттарды шайлоонун алдында Орусиянын душманы кылып көрсөтүү максатында жайылтылып жаткан болушу мүмкүн. Бул видеолорду полиция кызматы өзү жасаган болушу да мүмкүн», — деп билдирди укук коргоочу.

Тема боюнча:Подмосковье: Мигранттар ок чыгарып мушташ болду, төрт адам кармалды