Подмосковье: Мигранттар ок чыгарып мушташ болду, төрт адам кармалды

Москванын полициясы Подмосковьедеги мушташ боюнча кылмыш ишин козгоду, алдын ала маалыматтар боюнча ага кыргыз мигранттары дагы катышкан. Полициянын маалыматына ылайык, мушташ Апрелевкадагы кафенин жанында болгон.

Москва облусунун ИИБнин басма сөз кызматы полиция кызматкерлери жаңжалга катышкан төрт адамды бөлүмгө алып келгенин билдирди.

«Алардын бирөөсүнөн травматикалык тапанча алынды, ок болжолдуу ошол куралдан атылган болушу мүмкүн. “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мушташка катышкан башка адамдар да аныкталып жатат», — деп билдирди басма сөз кызматтын жетекчиси Татьяна Петрова.

Мындан тышкары, Орусиянын ТАСС басылмасы маалымат булактарына таянып, Апрелевкада курал колдонуу менен Борбор Азиядан келген 20 чакты мигрант мушташканын жазды. Маалымат булак жаңжал 18-июлга караган түнү болгонун белгилеген.

«Мушташта алар союлдарды, бөтөлкөлөрдү колдонушту, ок атуу болду, кандай куралдан экени такталат», — деп билдирген маалымат агенттигинин булагы.

Бирок РИА Новости басылмасынын укук коргоо органдарындагы маалымат булактары полицияга жеткирилгендер — Орусиянын жарандары экенин кабарлашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Москвада массалык мушташтын алты катышуучусу 15 суткага камалды

ИИМ: Москвада кыргыз жана тажик мигранттардын катышуусунда массалык мушташ чыкты