Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 237 учуру катталды, 5 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 26-августка карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 5 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 503 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 237 учуру катталды — Бишкек шаарында — 111, Чүй облусунда — 52, Жалал-Абад облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 33, Ош шаарында — 2, Ош облусунда — 6, Нарын жана Талас облустарында — жетиден, Баткен облусунда — 8. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 174 813кө жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 422 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 168 012 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 1 215 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 1 643.