Балбан Акжол Махмудовдун трикосуна арналган аукциондо 26 миң АКШ доллары чогулду

Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Акжол Махмудовдун Токио олимпиадасында кийген трикосу аукциондо 6 500 АКШ долларга сатылды. Ал эми 19 500 долларды аукциондун башка катышуучулары чогултуп беришти. Анткени спортчу чогулган каражат кайрымдуулукка жумшаларын билдирген.

Аукциондун жыйынтыгы тууралуу балбан 25-августта инстаграмм баракчасында маалымдады. Иш-чара Ысык-Көлдө GAMMA форумунда өттү. Триконун баштапкы баасы 50 АКШ доллары болгон. Спортчу трикону аукционго 20-августта коюп, аукцион он күн созуларын билдирген.

Аукциондон соң Махмудов журналисттерге маек куруп жатып, каражаттын 60%ын 2 жаштагы Аруузаттын дарылануусуна жумшаларын билдирди. Анын айтымында, спортчу «килем үстүндө күрөшүп жатса, Аруузат жашоо үчүн күрөшүп жатат».

«Көптөн бери көрүп, бирок четте гана карап тургам. Менде азыр жардам берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгондуктан Аруузатка 60%ын жумшайын дедим. Ал эми калган 30%ы кайрымдуулукка жана 10%ын жаныбарларды сактап калуу үчүн күрөшүп жаткан фондго жумшайм», — деген Махмудов.

*Аруузатка омуртка булчуңдарынын атрофиясы деген диагноз коюлган. Аруузатттын ата-энеси кызы бул ооруга чалдыкканын өткөн жылдын ноябрында билишкен. Аруузаттын дарылануусуна керектүү каражат чогулбаса ал акырындап көрүү, кыймылдоо, жутуу, ал тургай дем алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн. Ал үчүн Аруузат дүйнөдөгү эң кымбат турган «Золгенсма» инъекциясын алуусу керек. Анын баасы 195 млн сомдон ашуун турат.

Аталган препаратты сатып алуу үчүн Аруузаттын ата-энеси чоң кайрымдуулук каманияны баштаган. 25-августка карата Аруузаттын дарылануусуна 89 млн сомдон ашуун акча чогулган.

Акжол Махмудов — 22 жашта. Ал Токио олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медал тагынган. Мындан сырткары, Махмудов Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси.

23-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи болуп өткөн. Анда Махмудовго экинчи даражадагы «Манас» ордени, 10 млн сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа берилген.

Тема боюнча:

«10 млн сом жана Toyota RAV4». Спортчулар жана машыктыруучуларга кандай сыйлыктар берилди?

«Чыныгы Манастын тукуму экениңди далилдедиң». Президент Акжол Махмудовду куттуктады