«Чыныгы Манастын тукуму экениңди далилдедиң». Президент Акжол Махмудовду куттуктады

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Токио олимпиадасында Кыргызстандын капчыгына алгачкы медаль тартуулап, күмүш байгеге татыган улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовду Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефон аркылуу куттуктады.

Өлкө башчысы күмүш байге бул ийгиликтин башталышы экенин баса белгилеп, кыргыз спортунун тарыхында мындай жетишкендиктер саналуу экенин кошумчалады. Аны менен катар, миллиондогон мекендештер үчүн бул жеңиш өтө маанилүү экенин, жалпы кыргыз журту спортчулар менен сыймыктанарын билдирди.

«Акжол, күмүш медалың кут болсун [...] Мына чыныгы эр экениңди, чыныгы Манастын тукуму экениңди далилдедиң», — деп билдирди өлкө башчысы.

Ал эми Махмудов финалдык беттештен кийин «Азаттыкка» маек куруп, өлкө башчысы куттуктаганы «мен үчүн сыймык» деп билдирди. Анын айтымында, жашоосунда президенттин өзү чалып куттуктаганы биринчи жолу болуп жатат.

Акжол Махмудов биринчи беттеште тунистик спортчу Ламьед Маафинини 11:0, черек чейрек финалда азербайжандык балбан Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде уткан. 2-августта жарым финалда армениялык Карапет Чалян менен беттешип, 6:2 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Финалда Махмудов буга чейинки Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпиону, 34 жаштагы венгриялык балбан Тамаш Лёринч менен беттешти.

Лёринч менен Махмудовдун таймашы 1:2 эсебинде аяктап, кыргыз спортчусу күмүш байгени багындырды.

Акжол Махмудов 22 жашта. Ал эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо алган.