COVID-19: Акыркы суткада коронавирустун жаңы 196 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 27-августка карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 4 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 507 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 196 учуру катталды — Бишкек шаарында — 65, Чүй облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 26, Ысык-Көл облусунда — 36, Ош шаарында — 2, Ош облусунда — 7, Нарын облусунда — 5, Талас облусунда — 10, Баткен облусунда — 12. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 175 009га жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 386 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 168 398 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 1 184 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 1 481.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 21 172 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 27-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 663 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 412 миңден ашуун.