Боршайком Ошто аял талапкерлердин массалык түрдө тизмеден чыгарылганын текшерет

Ош шаардык кеңешинин депутаттары. Сүрөт: Ош шаардык кеңеши

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешке өткөн «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Биздин Кыргызстан» партияларынын тизмесинен аял талапкерлердин жапырт чыгарылып кеткенин текшерет. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы 25-августта кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош аймактык шайлоо комиссиясы 15-июлда «Биздин Кыргызстандан» 38, ал эми 12-августта «Ата-Журт Кыргызстан» 31 аял талапкерди тизмеден чыгаруу чечимин колдоп тиешелүү токтом чыгарган.

Ош АШКсынын төрагасы Урмат Аттокуров «Клоопко» курган маегинде аял талапкерлер өз каалоосу менен арыз жазып, тизмеден чыгарылганын кабарлады. Ал эми айырымдары «нотариалдык тастыкталган арыздарын жиберишкен» дейт Аттокуров.

Мандаттан «баш тарткан» аял депутаттар

Мындан сырткары, эки партиядан шаардык кеңешке өткөн алты талапкер мандаттан баш тартканы да териштирилмекчи. Анткени алардын бешөө аял болгон. Ал эми Ош АШКсынын токтомдорунун аткарылышы БШК териштирүү жүргүзгөнгө чеийн убактылуу токтотулду.

Ош аймактык шайлоо комиссиясы «Биздин Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Айпери Ашимжан кызы, Айжан Манап кызы жана Улан Каналиевди, ал эми «Ата-Журт Кыргызстандан» Айгүл Караева, Уларкан Акматова жана Бахтиярхан Турсунбаеваны мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алган. Кызыгы, мандаттардан «баш тарткан» депутаттардын ордуна тизмеде кийинки болуп турган эркек талапкерлер келген.

11-июлда Ош шаардык кеңешке шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен төрт партия шайлоо босогосунан өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Ош шаардык кеңештеги 45 мандат төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: «Ата-Жур-Кыргызстан» — 19, «Биздин Кыргызстан» — 15, «Улуттар Биримдиги» жети жана «Бир Бол» төрт мандат.

ТЕМА БОЮНЧА: Ош шаардык кеңешке шайлоо: депутаттардын тизмеси кандай өзгөрдү?