Өмүрбек Текебаев

«Ата-Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Кыргызстан саясий кризисте турат, анткени өлкөнү эки дос жарышып, талашып башкарып жатышат» деди. Мындай сөзүн Текебаев 27-августта «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү менен болгон жыйында билдирди. Жыйындан тартылган видео «Жалбырак-ТВнын» фейсбук баракчасына жарыяланды.

Текебаевдин айтымында, Кыргызстанда акыркы 3 жылдан бери саясий кризис орун алып жатат. Саясатчы кризистин башталышы Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун «Кыргызстанды алмак-салмак башкарабыз» дегенинен келип чыккан деп эсептейт. Анын айтымында, бийлик алмашканына карабастан өлкө дагы эле кризисте жашап жатат.

*Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрынан тарта 2017-жылдын 24-ноябрына чейин президент болуп турган. Андан кийин ал бийликти мураскору Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Жээнбеков болсо Кыргызстанды 2017-жылдын 24-ноябрынан 2020-жылдын 15-октябрына чейин башкарган.

«Абал чатак! Бүгүнкү эки дос [Жапаров жана Ташиев — ред.] Кыргызстанды жарышып, талашып башкарып жатышат. Мындай башкаруунун ыкмасы өлкөнү мындан ары да кризиске салганы турат. Бул ушакпы же саясий спекуляциябы? Жок! Бул тарыхка, социологиялык иликтөөгө таянып айтылган тыянак», — деп белгиледи Текебаев.

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев

Акаевдин бийлигинин кулашы

Андан соң ал партиялаштарын 2005-жылдан тарта жүргүзүлгөн социологиялык иликтөө менен тааныштырып, бийликке жана башкарууга «нараазы болгон» жана «ыраазы болгондордун» графикалык динамикасын көрсөттү.

Саясатчы көрсөткөн графика боюнча 2005-жылдын апрелинде калктын 45%ы ошол учурдагы бийликке «ыраазы», ал эми 48%ы «нараазы болгон». Анын айтымында, мындан улам 2005-жылкы революция келип чыккан.

*«Жоогазын революциясы» 2005-жылдын 24-мартында орун алган. Ага ошол учурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигинин күчөшүнө алып келген Конституциянын бир нече жолу өзгөрүшү, коррупция жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруу себеп болгон. Алгач толкундоо өлкөнүн түштүгүнөн башталып, андан соң башка аймактарга өткөн. 24-март күнү кечинде тактан кулаган президент Аскар Акаев үй-бүлөсүн алып Казакстанга качканы белгилүү болгон. Андан соң бийликке Курманбек Бакиев келген.

«Революциядан кийин нараазы болгондордун саны 29%га чейин азайыптыр. Көпчүлүгү Бакиевдин жүргүзгөн саясатына макул болгон. Бирок 2009-жылы Бакиев баласын ханзада кылып, бийликти баласына өткөрүп берем деп, саясий оппоненттерди өлтүрткөнгө чейин барып, уруп-сабап, лидерлерди массалык камай баштаганда, 6 айдын ичинде нараазы болгондордун саны 60%га чейин өскөн. Бул 2010-жылдын апрель-май айларына туура келип жатат», — дейт Текебаев.

Бакиевдин бийлигинин кулашы

2010-жылы 7-апрелде Бишкекте эл көтөрүлүшкө чыгып, бозгун президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кан төгүлүү менен коштолгон тирешүүлөрдөн кийин кулатылган. Бул күнү 87 адам каза тапкан.

Текебаевдин айтымында, андан кийин бийликке нараазы болгондордун саны азайып, ишеним көрсөткөндөр көбөйө баштаган. Бирок кайра 2018-жылы алардын саны көтөрүлүп отуруп, былтыр сентябрь-октябрь айларында 53%га жеткен.

«Ошентип отуруп, Кыргызстанда 2020-жылы дагы революция болду. Андан кийин президент шайланды, башкаруунун башка курсу тандалып алынды, 70% эл Садыр Жапаровдун “курсун” март айында колдоп турушту. Анан нараазы болгондордун саны кескин түрдө түшүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти — 23%», — деди саясатчы.

Анткен менен бул көрсөткүч 3-4 айдын ичинде эле кайра алмашып, нараазы болгондордун саны 34%га жогорулады. Текебаев алдыдагы шайлоодо [28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоодо — ред.] эски ыкмалар колдонулуп, бийликтин партияларында жүргөндөр «шапкаларын алмаштырып», башка партияларга өтсө, 4-революция болот деп божомолдойт.

«Бизге кезектеги революциянын кереги жок»

Саясатчы буга чейин «нараазы болгондордун» саны 3-5 жылда өсүп турса, азыр болсо 6 айдын ичинде кескин өскөн дейт. Бирок ал «муну кубануу менен айткан жокмун, муну мен тынчсыздануу менен айтып жатам. Бизге кезектеги революциянын кереги жок» дейт.

«Эгер бизди алдыда оор кыш күтүп тургандыгын, финансылык кризисти жана башкаруу системасындагы кризисти эске алсак, жазга барып нараазы болгондордун саны 60-70%га чыгат. Бүгүн парламенттин абалы да начар. Мыйзамды окуп-окубай эле кабыл алып атышат. Мындан улам 4-революциянын боло турганы реалдуу болуп калды», — дейт учурдагы бийликти сынга алган Текебаев.

Саясатчы ошол эле жыйында «Ата-Мекен» партиясы 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышаарын ачыктады. Анын айтымында, парламентте реалдуу оппозиционер, принциби менен идеясы бар партия болушу керек.

«Өкүлдөрүбүз өтүп кала турган болсо, биз бүгүнкү бийликти тизгиндеп, сындап, багыттап тура алабыз. Бул элдин нараазычылыгын басаңдаткан, бийликке болгон ишенимди көтөргөн фактор болуп калат. Былтыркы шайлоодо жаштар команда түзүп барышты. Быйыл дагы ал эреже өзгөргөн жок. Бул жолу да жаштар биздин кеңеш менен жаңы команда түзөт», — деди Текебаев.

Өмүрбек Текебаев

«Ата-Мекен» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылга кесилишкен.

Текебаев ишкер Маевскийге «Мегаком» улуттук операторун башкарууга мүмкүнчүлүк берээрин убадалап, андан 1 млн доллар алганы айтылган. Ал эми Чотонов бул иште ортомчу болгонуна айыпталган.

Чотонов да, Текебаев да өздөрүнө тагылган күнөөлөрдү моюндарына албай, ишти «саясий буйрук» деп аташкан. Мындан сырткары алар кылмыш иши бир гана Маевскийдин көрсөтмөлөрүндө негизделгенине нааразы болушкан.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залында. Сүрөт: Игорь Коваленко

Текебаев 2017-жылы февралда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн шартында камакка алынган. Саясатчы Атамбаевдин демилгелерине жигердүү каршы чыгып турган — ал жана анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Конституциялык түзөтүүлөргө каршы болушкан.

Ал эми 2019-жылы Жогорку сот буга чейинки соттук чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Кийинчерээк алар үй камагына чыгарылган. Андан кийин Башкы прокуратура айыптардан баш тартып, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2021-жылдын 13-апрелинде ишти кыскарткан.

Тема боюнча: