Камчыбек Ташиев УКМКнын Сузактагы жаңы имаратынын ачылышына катышты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Ачылуу аземине атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өзү катышты.

Бул тууралуу Ташиевге караштуу «Регион» телекомпаниясынын директору Өткүрбек Рахманов 30-августта билдирди.

Рахмановдун айтымында, Сузактын УКМКсы буга чейин «эскилиги жеткен, ыңгайсыз имаратта иштеп келген». Ал эми жаңы имаратта атайын кызматтагылар үчүн бардык шарттар бар жана ал техникалык жактан камсыздалган.

«УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кызматкерлерге мындан ары да жетиштүү шарттарды түзүп берүү аракети улантылаарын, жакынкы күндөрү дагы бир катар райондук бөлүмдөргө жаңы имараттар тапшырылаарын билдирди», — деп жазды Рахманов.

Ошондой эле Рахманов кабарлагандай, иш-чарада Ташиев УКМКнын кызматкерлерине шарттар түзүлгөнүнө жараша талаптар да күчөтүлө турганын айткан.

Анткен менен аталган имарат жаңы курулганбы же УКМКнын карамагына өткөрүлгөнбү — кабарлаган жок. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан маалыматты 1-сентябрда тактап беришерин айтышты.

Жалал-Абадга курулуп жаткан кызматтык үй жана жаңы имарат

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Жалал-Абад шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн 205 бөлмөлүү кызматтык үйдүн курулушу башталган. Көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2022-жылдын аягында толугу менен бүтүп, чек арачыларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да бериле турганы кабарланган.

УКМКнын төрагасы үй мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, шериктеш мамлекеттин жардамы менен курулуп жатканын билдирди. Бирок Ташиев өнөктөштөр так ким экенин ачык айткан жок.

Ал эми 2-июнда Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы үчүн курулуп жаткан жаңы имаратка да капсула салган.

Аталган имарат Жалал-Абад шаарынын түндүк-батышында жайгашып, 1,4 гектарды ээлейт. Ошондой эле үч кабаттан болуп, эки блоктон турат.

Биринчи блок административдик имарат болуп, анда жетекчинин, анын орун басарынын жана кызматкерлердин 77 бөлмөсү жайгашат. Ошондой эле санузелдер, курал-жарак сактоочу жай, кампа жана архив болот. Ал эми экинчи блокто жыйындар залы, ашкана жана жарандарды кабыл алуучу имарат жайгашат.

Мындан сырткары, «Альфа» бөлүмү үчүн имарат, тир, дагы бир курал жарак сактоочу жай, машыгуучу жай, бильярд, душ, кампа, тергөө бөлүмү үчүн бөлмөлөр, ТИЗО, кампа жана унаа токтотуучу жай курулат.

УКМКнын башчысы мекеменин жаңы имараты «100 млн сомго — демөөрчү берген каражатка курулат» деп айткан. Ал башкы куруучуга курулушту 1-декабрга чейин бүтүрүү тапшырмасын берген.