Улукбек Марипов: Биз демократиялык, укуктук, эгемендүү мамлекетпиз

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды куттуктап жаткан учурдан кадр. Сүрөт: Ош мэриясы

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Эгемендүүлүк майрамын Ош шаарынын тургундары менен белгиледи. Борбордук аянтта уюштурулган майрамдык салтанатта Марипов кыргызстандыктарды куттуктап, бул күнү дүйнөлүк картага Кыргызстан аттуу дагы бир мамлекет кошулганын эске салды.

«Дүйнөдө канчалаган державалар тарых барактарында гана калды, бирок алар азыр жок. Европаны титиретип, Азияны багындырган улуу мамлекеттер ыдырап кеткен. Бирок Эне-Сайдан Ала-Тоого чейинки кең мейкиндикти ээлеп, далай кыргында чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, ушул аймакты сактап калган ата-бабаларыбызга кийинки урпактар, биз милдеттүүбүз», — деди Марипов.

Ал куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын калкы өсүп жатканын белгилеп, «демек биз өсүү жолундабыз» деп айтты. Мындан сырткары ал «Манас» эпосу жана манасчылык өнөр сакталып калганын айтып, мунун «чоң жеңиш» деп атады.

Ошондой эле, Мариповдун айтымында, алп жазуучу Чыңгыз Айматовдун замандашы, журтташы болгонубуз — «чексиз сыймык».

Мындан сырткары, өкмөт башчы улуттар аралык достук, коңшулаш мамлекеттер менен алака тууралуу айтып, «бул улуу салт түбөлүк улана бермекчи» деди.

«Бизде сөз эркиндиги күчтүү, бул чыныгы демократия деп эсептейбиз. Демек биз демократиялык, укуктук, эгемендүү мамлекетпиз», — деп жыйынтыктады Марипов куттуктоо сөзүн.

Кыргызстандыктар 31-августта эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилеп жатышат. Өлкө боюнча майрамга карата иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскер парады да өттү.