Баткенде аткезчилик жүк ташыган унааны токтотуу үчүн абага ок чыгарылды

Баткен району

УКМКнын чек ара кызматы Баткен облусунун Баткен районунун Дахан аймагында аткезчилик жүктү алып бара жаткан Hyundai-Porter үлгүсүндөгү унаага абага эскертүүчу ок чыгарды. Анткени аталган унаанын айдоочусу чек ара кызматкерлерин көргөндөн кийин качууга аракет кылган.

Бул тууралуу чек ара кызматынан 1-сентябрда маалымдашты. Унааны кароо учурунда андан курулуш материалдары табылган. Ошондой эле, айдоочуда жүккө тиешелүү документтер жок болуп чыккан.

Мындан сырткары, чек ара кызматы 31-августта аталган райондун Ганжак аймагынан 3 650 кг жүзүмдү мыйзамсыз алып бара жаткан Тажикстандын Mercedes-Benz Sprinter унаасын кармаган. Аткезчилик жүктүн жалпы суммасы 660 000 сомду түзгөн.

Чек ара кызматы боюнча материалдар чогултулуп, унааларды, айдоочуларды жана аткезчилик жүгүн териштирүү үчүн тийиштүү органга өткөрүп беришти.

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Баткен районунда элдик кошуун тарабынан 4 тонна өлчөмүндөгү жүзүм алып келе жаткан эки унааны кармалган. Унаанын айдоочусу жүзүм өзүнүкү экенин айтканы менен активисттер ишенишкен эмес. Аткезчилик жүгү милицияга өткөрүлүп берилген.