«Чыгым кылып катышмак эмеспиз». Ошто улакчылар баш байге толук берилбегенин айтышты

Улакчылардын обладминистрациянын алдына чогулган учурунан кадр. Сүрөт: Орозбек Шарабидин уулу

Эгемендүүлдүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында өткөрүлгөн көк-бөрү оюнунун жеңүүчүлөрү убадаланган байгенин жарымынан көбү берилбегенин айтып облустук администрациянын алдында чогулушту.

Алар Улуттук оюндарды өнүктүрүү боюнча дирекция убадаланган 500 миң сомдун ордуна 180 миң гана бергенин жана президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун атынан делген 70 миң сом такыр эле берилбей жатканын айтышты.

«170 миң сомдун 90 миңи гана берилди»

31-августта Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында улуттук ат оюндары жана көр бөрү боюнча президенттин кубогу өткөрүлдү. Оюнга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган аткаминерлер да күбө болушту.

Анда 1-орунду Кара-Кулжа районунун «Кара-Кулжа» командасы, 2-орунду Өзгөн районунун «Көлдүк» командасы, ал эми 3-орунду Токтогул районунун «Токтогул» командасы багындырды.

Улакчылардын обладминистрациянын алдына чогулган учурунан кадр. Сүрөт: Орозбек Шарабидин уулу

Жеңүүчүлөрдүн айтымында, Мариповдун атынан 100 миң сом жана Жамалдиновдун атынан 70 миң сом ыйгарыла турганы айтылган. Ал эми дирекция баш байге катары 500 миң сом убадалаган.

Анткен менен оюндан кийин улакчылардын колуна убадаланган акча тийген эмес. Ошондуктан алар облустук администрацияга келип, облус башчысына нараазычылыгын айтышты.

Алар менен облус башчысы Зиядин Жамалдинов жолугуп, улакчылардын талабын укту. Жыйынтыгында Көк-Бөрү федерациясынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу иштеринде кемчиликтер кеткени аныкталды. Аталган федерациянын облустагы өкүлү улакчыларга байгеде айтылган сумманы толугу менен тапшырарын убадалады.

«Кара-Кулжа» командасынын лидери Марипов жана Жамалдинов оюнчуларга деп берген акча кем берилгендигин айтты.

«Жалпы 170 миң сомдон 1-орунга 40 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң, 4-орунга 10 миң беришти — бул бары биригип 100 миң сом акча болот, калганы жок!» — деген ал.

Ошондой эле, ал дирекциядан убадаланган 500 миң сомдун ордуна 180 миң сом гана берилгенин айтып кейиди. Анын айтымында, улакка чабылчу аттарды ижарага алып, анын акысын да төлөй албай жатышат.

«Азыр болсо 250 миңдин ордуна 90 миң, 150 миң дегенге 63 миң, 3-орунга болсо 50 миңдин ордуна 27 миң сом берип жатышат. Бул эмне деген? Мындай сумманы айтпай эле коюшса биз чыгым кылып катышмак эмеспиз. Бул боюнча прокуратурага да арыз жазабыз. Тажадык. Качан болсо ана-мына деп акчаны жеп кете беришет, улакчы балдарга убал болуп жатат», — дейт улакчы.

Мындан сырткары, «Клоопко» улакчылардын бири маек куруп, мындай көрүнүштөр буга чейин да болуп келгенин жана УКМК тарабынан бул маселе боюнча ооз ачпоо тууралуу «коркутуулар түшкөнүн» айтты.

«Балдарга “жалко” [мелдешке катышкан улакчылар — ред. ] болуп жатат. Байгеге 500 миң коюлганы боюнча WhatsApp группада “перепискалар” бар. Кече болсо 500 миң боюнча ооз ачпайсыңар деп федерациянын балдарын УКМК коркутуптур. Биз болсо 300 миң кайда кеткенин билгибиз келет», — деди ал.

«500 миң деген сумма убадаланган эмес»

Көк-Бөрү федерациясынын Ош облусундагы өкүлү Баястан Өмүрсалиев «Клоопко» баш байге 500 миң сом болоору убадаланган эместинин айтты.

Ал эми обладминистарциядан берилген 70 миң сом бүгүн улакчыларга толугу менен кайтарылган.

«70 миң сомду кайтарып бердик. Бирок 500 миң сом убадаланган эмес, бирок айтылган. Кийинчерек ал байге фонду 180 миң сом деп чечилген. Түшүнбөстүктүктөн нараазычылык билдирип жатышат. Мага дирекциядан 180 миң сом бөлүп беришкен, аны толугу менен жеңүүчүлөргө бөлүп бердим», — деди Өмүрсалиев.

Мындан сырткары, Өмүрсалиев байгелерге берилген каражатты бөлүштүрүү чечимин дирекция кабыл ала тургандыгын айтып, ал аткаруучу экенин кошумчалады.