«Экинчи Айсулуу». Тыныбекова эркин күрөш менен машыккан Жасминди колдоого даяр

9 жаштагы Жасмин Арзыбаева жана балбан Айсулуу Тыныбекова. Коллаж: Зарина Маматжанова / Kloop.kg

Токио олимпиадасында эркин күрөш боюнча күмүш медалды багындырган Айсулуу Тыныбекова өспүрүм бала менен күрөшкөн 9 жашар Жасмин Арзыбаева менен жолугугуп, багыт берүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, Тыныбекова Арзыбаевнын күрөштө жасаган ыкмасын алкап, күрөштө мындай ыкма үчүн эки упай берилерин белгиледи.

«Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби, ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам!» — деди Тыныбекова.

1-сентябрда социалдык тармактарга өспүрүм кыздын күрөшкө түшкөн видеосу тараган. Видеодо алгач кыз менен күрөшүү үчүн эч ким чыкпай жатканы көрүнөт. Ага күбө болгондор «ушунча баланын ичинен бир кызга чыга албайсыңарбы?» дешсе, дагы бири «бул кичинкей Айсулуу Тыныбекова да» деп айткандары угулат.

Көп өтпөй күрөшкө болжол менен өзү менен тең бала чыккан. Арзыбаева атаандашын көтөрүп чаап, бир нече жолу айландырып, далын жерге тийгизген. Аягында кыз жеңүүчү аталган. Видеого интернет колдонуучулар «кичинекей Айсулуу чоңоюп келе жатат», «Экинчи Айсулуу», «бул кызды машыктырып, өстүрүү керек» деген пикирлерди калтырышкан.

Андан соң Жасмин Арзыбаеванын кайрылуусу жарыяланды. Анда ал Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында жашап, учурда эркин күрөш менен машыгып жатканын айткан.

«Мен Айсулуу эжемди жакшы көрөм. Келечекте кыргыз элин дүйнөгө тааныткым келет», — дейт Жасмин.

«24 kg» басылмасына Жасмин Арзыбаеванынын апасы Зарина Миршакирова кызы 2-сентябрда Тыныбекова менен онлайн жолуга тургандыгын билдирди. Ал кызы эки жылдан бери айылдагы машыгуу залында эркин күрөш менен машыгып жатканын белгилеген. Ошондой эле Тыныбекова менен жолугуу үчүн Жасмин Бишкекке барууга да даяр экендигин айткан.

Кыргызстандан чыккан балбан кыздар

Айсулуу Тыныбекова — Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан кыз. Ал 62 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

Тыныбекова 19 жашында 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиадага катышкан. Анда 13ү болгон. Андан кийинки 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн олимпиадада 5-орунду ээлеген.

Тыныбекова 2019-жылы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган. Ал бул наамга эки жыл мурда Нур-Султан шаарындагы чемпионатта ээ болгон. Бул жеңиши Улуттук олимпиада комитетине Токио-2020га катышууга лицензия алып келген.

Андан сырткары Тыныбекова Польшада кыз-келиндер арасында өткөн «Poland Open-2021» эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болгон.

Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде 62 килограмм салмакта кайрадан биринчи орунга чыккан. Кыргызстандык спортчу буга чейин да бир нече ирет тизменин сап башына турган эле. Тизме өтүп жаткан мелдештердин жыйынтыгына жараша улам жаңыланып турат. Акыркы жолу тизме 2021-жылдын июнь айынын башында өткөн Poland Open мелдешинен кийин жаңыланган.

Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде кайрадан биринчи орунга чыкты

Мээрим Жуманазарова — 22 жашта. Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында жана 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынган. Ал кыз-келиндер арасындагы күрөштө 76 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

Жуманазарова Токио-2020 олимпиадасында Кыргызстан үчүн алгачкы медаль алып келди. Ал монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде утуп, коло медал уткан.

Айпери Медет кызы — 22 жашта. Ал эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону. Ал 2020-жылы Белград шаарында өткөн 23 жашка чейинки кыздар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган.