Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде кайрадан биринчи орунга чыкты

Күрөш боюнча дүйнөнүн азыркы чемпиону жана кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде 62 килограмм салмакта кайрадан биринчи орунга чыкты.

Кыргызстандык спортчу буга чейин да бир нече ирет тизменин сап башына чыккан.

Бул рейтинг уюмдун сайтында жарыяланган, ал өтүп жаткан мелдештердин жыйынтыгына жараша улам жаңыланып турат.

Акыркы жолу тизме 2021-жылдын июнь айынын башында өткөн Poland Open мелдешинен кийин жаңыланган. Анда Тыныбекова финалда канадалык атаандашын жеңип, алтын медалга ээ болгон. Ушинтип ал карамагындагы 34 упай менен төрт баскычка өйдөлөгөн. Буга чейин кыргызстандык балбан ушул эле рейтингде бешинчи орунду ээлеп турган болчу.

Экинчи орунга учурда венгриялык Марианна Састин чыкты, алдыңкы үчтүктө — бразилиялык Лаис Нуньес бар турат.

Андан тышкары, спортчу Мээрим Жуманазарова 68 кг чейинки салмактагы спортчулар арасында бир тепкичке өйдөлөгөн — ал Польшада өткөн турнирде үчүнчү орунду камсыздаган.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакка чейинки спортчулар арасындагы рейтингде бешинчи орунду ээлеген. Үч кыз тең Токиодо өтүүчү Олимпиадада Кыргызстандын намысын коргойт.

UWW рейтинги грек-рим, эркин жана аялдар арасындагы күрөш боюнча түзүлөт. Ага ылайык, ар бир салмак категориясында 20 мыкты балбан аныкталат.

Poland Open 2021

Мурдараак Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Польшада кыз-келиндер арасында өткөн «Poland Open-2021» эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болгон.

Финалдык кармашта кыргызстандык спортчу канадалык спортчу Анна Паула Годинез Гонзалез менен күч сынашкан. Таймаш 7:1 эсебинде Тыныбекованын ишенимдүү жеңиши менен аяктаган.

Тыныбекова — эркин күрөш боюнча чебер жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ошондой эле, ал күрөш боюнча 2019-жылы сентябрда дүйнө чемпиону болгон.

Буга чейин Олимпиада оюндарына эки жолу катышкан, бирок медаль алган эмес. Ал алдыдагы Олимпиадага катышуу алдында турат.

Балбан кыз United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башына чыккан. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын медал тагынган.