Аптасына үч жолу. «Ош — Стамбул — Ош» жаңы авиакаттамы ачылды

Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропорту

Ош эл аралык аэропортунан Түркиянын Стамбул шаарына түз авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы 3-сентябрда билдирди.

«Ош — Стамбул — Ош» каттамы 2021-жылдын 1-октябрынан тарта ишке кирет. Жүргүнчүлөрдү Pegasus түрк авиакомпаниясы ташыйт. Жүргүнчүлөрдү ташуу дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүлмөкчү. Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров менен жолукканда эки өлкөнү байланыштырган авиакаттамдар көбөйө турганын билдирген.