Бекешев шайлоо алдында кыргызстандыктар каттоосун массалык өзгөртүп жатышканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Telegram-каналында жарандар алдыдагы шайлоого байланыштуу каттоого алынган жерин массалык түрдө өзгөртүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул чоң чатакка алып келиши мүмкүн.

Бекешев жаран кайсы бир партияга же андагы талапкерге добуш бергиси келсе, кайсыл облуста болбосун добуш бере алаарын белгиледи.

«Ал эми бир мандаттуу талапкерлерге келсек, азыр кеч болуп калды. Себеби шайлоого 90 күн калганга чейин жашаган жери боюнча каттоого алынышы керек. Азыр болсо 86 күн калды. Мындай кылуунун эмне кереги бар, түшүнбөйм. Сыягы көпчүлүгү бул тууралуу билбейт окшойт», — деди эл өкүлү.

Ошол эле учурда, Бекешев добуш берүү үчүрунда шайлоочу каттоого турган күндүн датасын эч ким текшерип отурбасын да четке каккан жок.

«Бирок андай болбошу керек. Чоң чатак чыгат. Негизи биздин өлкөдө уруш-талаш менен башаламандык — кадимки эле көрүнүш да», — деп билдирди депутат.

Парламенттик шайлоо-2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 14-октябрга чейин, ал эми депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 29-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын ичинде ар бир төртүнчү мандат гана аялдарга берилет.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасынын негизинде өтөт. Анда 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.