Бишкек: «Чердакта» мушташкандардын төртөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкектеги «Чердак» барындагы мушташка шектелип төрт адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 2-сентябрь түнкү саат 3:20да райондук башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө «Чердакта» мушташ болуп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, мушташка шектүү төрт адамды милиция бөлүмүнө алып келишкен. Кийин алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “Бейбаштык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды», — деп билдиришти башкармалыктан.

Милициянын маалыматына караганда, «коомдук тартипти бузуу жана денеге жаракат келтирүү, ошондой эле тиешелүү мүлктү талкалоого алып келген жүрүм-турум эрежелерин бузуу фактысы боюнча» кат түрүндөгү арызды бардын администрациясы жана кызматкерлери жазган.

Буга чейин ЖМКлар күбөлөргө таянып, мушташтын кесепетинин «Чердакта» иштеген официанттын баш сөөгү сынганын жазышкан.

«Үч киши жабыркаган. Башына сокку алган жарандар Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылды», — деп билдирген 2-сентябрда 24.kg басылмасына Бишкектин Тез жардам кызматынын директорунун орун басары Егор Борисов.

Биринчи май РИИБи учурда шектүүлөрдүн аракеттерине объективдүү юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатканын белгилешти.