Бишкек: Сагындык уулу иштен алынды, Ырсалиев кызматынан төмөндөтүлдү

3-сентябрда Бишкек шаарындык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу шаары башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөө абагында бир айдан ашык жаткан жер, архитектура жана курулуш маселелери боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулу ээлеген кызматтан алынды.

Мындан тышкары Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна биринчи вице-мэр Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Ал эми Ырсалиевдин ордуна экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэр Максатбек Сазыкулов келди. Сазыкуловдун ордуна каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков дайындалды. Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Азамат Сагындык уулунун кармалышы

Азамат Сагындык уулу борбор калаанын вице-мэри кызматына 2020-жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин ал Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы, ошондой эле Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Ал жолдун боюнда жайгашкан соода жайын сактап калуу үчүн кафенин ээсинен тогуз миң доллар пара алган деп шектелип, үстүбуздөгү жылдын 24-июлда кармалган.

Кийин 27-июлда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 25-сентябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Ырсалиев, Нусувалиев, Сазыкулов жана Байгончоков

Жамалбек Ырсалиев борбор калаанын биринчи вице-мэри кызматына 2021-жылдын 16-июнунда дайындалган. Ага чейин ал Бишкек шаарынын вице-мэри, 2015-2016-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин 26-чакырылышынын депутаты болгон.

Жамалбек Ырсалиев шаардын биринчи вице-мэри катары шаардык турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнө жоопту болгон.

Максат Нусувалиев 2020-жылдын ноябрь айында ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаевдин буйругу менен Биринчи май районунун акими болуп дайындалган. Бул кызматка чейин ал Жумуштуулукка жардамдашуу боюнча Бишкек башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары, Юстиция министрлигинин реестринде Нусувалиев «Оомат сервис» курулуш компаниясынын директору катары көрсөтүлгөн.

Максатбек Сазыкулов 1994-1999-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алган. Кийин ошол эле университеттин аспирантурасын бүтүргөн. 2012-2014-жылдары Жапониянын Эл аралык университетиде окуп келген. 2017-2021-жылдары Кыргызстандагы Мамлекеттик башкаруу академиясында окуп билимин тереңдеткен.

Сазыкулов 1994-жылдан тарта бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал буга чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда өнүктүрүү департаментин жетектеген.

Миланбек Байгончоков 1995-жылдан 1999-жылдары финансы министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген. 1999-жылдан 2000-жылга чейин министрликтин борбордук казыналыгында кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы адиси, 2000-жылы ошол эле жакта төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү башкармалынын башчысы болуп кызматынан көтөрүлгөн.

2001-жылдан 2004-жылга чейин финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар программасынын департаментинде иштеген. Кийин ушул эле министрликтин ар кайсы бөлүмдөрүн жетектеп келген. 2020-жылдан баштап экономика жана каржы министринин орун басары.