COVID-19: Акыркы суткада коронавирустун жаңы 175 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 3-сентябрда карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 5 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 541 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 175 учуру катталды — Бишкек шаарында — 85, Чүй облусунда — 31, Жалал-Абад облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 32, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Талас облусунда — 4, Баткен облусунда — 10. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 176 193кө жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 92 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 170 261 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 960 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 979.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 12 601 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 3-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 690 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 463 миңден ашуун.