Абдил Сегизбаев УКМК ТИЗОсунан ооруканага которулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев ТИЗОдон ведомствонун ооруканасына которулганын кабарлады. Бирок атайын кызмат ооруканага жаткыруунун себебин ачыктаган жок.

«Башкысы, азыр анын абалы туруктуу», — деп билдиришти УКМКнын маалымат борборунан.

Буга чейин, май айында Сегизбаев эки тараптуу пневмония менен ооруканага жатып чыккан болчу.

Сегизбаев эмне себептен ТИЗОдо?

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча, Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган. Кармоо 2016-жылы чуу жараткан, «Белизгейт» деп аталган ишке байланыштуу болгон. Бирок бул саясатчыга каршы козголгон алты иштин бирөөсү гана.

2016-жылы Сегизбаев УКМКнын башчысы болуп турган кезинде президент Алмазбек Атамбаевдин Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү демилгесине каршы чыккан «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов «Мегаком» байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышкан деп билдирген.

Сегизбаев далил катары Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерди көрсөткөн. Депутаттар документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, Сегизбаевди сотко да беришкен, бирок утулуп калышкан.

Ошол эле убакта үч депутатка карата башка иштер боюнча айыптоо өкүмдөрү чыккан. Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчысы болуп Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон.

Сегизбаевге каршы иштердин калгандары УКМКнын кызматкерлерине батир, энчилүү курал, жер участокторун, ал тургай атайын кызматтын айрым өкүлдөрүнө бюджеттин эсебинен командировка берүүгө байланыштуу.

Ал эми Сегизбаев жана анын жакындары бардык айыптарды четке кагып, аны «саясий өч алуу» деп айтышууда. Сегизбаев 10-январда мөөнөтүнөн мурун өткөрүлгөн президенттик шайлоого катышып, 17 талапкердин ичинен бешинчи орунду ээлеген жана шайлоочулардын 1,46% добушуна ээ болгон.

Ал президенттик шайлоо учурунда атаандашы, учурдагы президент Садыр Жапаровду кескин сынга алып, аны бозгун президент Курманбек Бакиев менен «тыгыз байланышта» деп билдирген. Сегизбаев КТРКнын түз эфиринен Максим Бакиев кендерди кантип сатып, акчалардын изин кантип жашырганын айтып берген.