Бишкектин тургуну аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну калаанын четинде аялынын сөөгүн жашырып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 3-сентябрда Бишкек ШИИББнин кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач милицияга Бишкектеги Көлбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде аял киши колдуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ал эми укук коргоо органдары окуя болгон жерге барганда белгисиз аял «үй-бүлөлүк чыр-чатак болгонун жана баары жайында болуп калганын» айтып, милиция кызматкерлерин кетирүүгө аракеттенген.

«Милиция кызматкерлери ошол үйдүн 57 жаштагы жашоочусу менен сүйлөшкөн учурда анын баласы келинин өлтүрүп, сөөгүн шаардын четине алып кеткенин айткан», — деди Айтикул уулу.

Тургундун көрсөтмөсү менен ыкчам-тергөө тобу шаардын четине барып, шектүү 36 жаштагы аялынын сөөгүн жашырып жаткан жеринен кармаган.

Аламүдүн райондук милициясы «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, тийиштүү экспертизаларды дайындады.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат

Жыл сайын Кыргызстанда ушул сыяктуу ондогон адам өлтүрүү болот — аялдар күйөөсүнүн, чогуу жашап жүргөн адамдын же мурдагы күйөөсүнүн, кээде тааныбаган эркектин колунан ажал табат.

*Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы 10 жылда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйгөн. Ошол эле учурда жубайына, түгөйүнө зомбулук көрсөткөндөр административдик гана жазага тартылып, аларга айып пул, эскертүү берилип же коомдук иштерге тартылат.

Кылмыш иштери орточо эсеп менен катталган учурлардын алты пайызына гана козголот.