Марипов: Пандемиядан улам дарыканаларга бир миллиард сомдой карыз болдук

Өлкөнүн ооруканалары пандемияга байланыштуу дарыканаларга бир миллиард сомдой карыз болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Пирамида» телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ооруканалар коронавирус менен түшкөн бейтаптарды мамлекеттин эсебинен толугу менен акысыз дарылашат.

«Биз эсептеп көрдүк: оорунун жеңил түрү менен ооруган бейтапка 10 күндө 50 миң сомдой каражат кетет. Эгерде оорлошуп кетсе 100 миң же андан көп каражат сарпталат. Ал эми вакцина алса оорушу мүмкүн бирок балким жеңилирээк өтөт. Ошондуктан элибиз дагы туура түшүнүп, мүмкүн болушунча көбүрөөк киши эмдөөдөн өтсө, өздөрүнүн ден соолугуна жана өлкөнүн экономикасына жакшы таасирин тийгизет», — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле Марипов Кыргызстанда дарылар кошумча нарк салыгынан бошотулганына карабай «өтө кымбат» экенин белгиледи.

«Көп дарылар импорттолот. Алар бизде Орусия же Түркияга караганда 3-5 эсе кымбат. Биз алардын баасын арзандатышыбыз керек», — деди ал.