Дөөлөт Сыдыков Гиннес китебине кирүү үчүн Москвада 111 саат Манас айтты

Дөөлөт Сыдыков Манас айтуу учурунан кадр. Сүрөт: Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык манасчы Дөөлөт Сыдыков 6-сентябрда Москва шаарындагы «алты күн, беш түн» «Манас» айтуусун жыйынтыктаганын билдирди.

Элчиликтен белгилешкендей, «Манас» айтуу 111 саатка созулду. Иш-чара элчиликтин имаратында 31-августта башталган болчу. Дөөлөт Сыдыковду Гиннесс рекорддор китебине каттоо максатында бул иш чара уюштурулган.

«Дөөлөт Сыдыковдун айтуусунда «Манас» эпосун угууну каалаган бардык мекендештер, элчиликтин имаратына 6 күн бою ээн-эркин кирип жатышты», — деп жазылат маалыматта.

«Манас» айтуу аяктагандан кийин эпостун урматына арналган иш-чара болуп өттү. Анда Москва мамлекеттик лингвистика университетинин «Аймак таануу» жана «Саясат таануу» адистигинин студенттери үчүн Манас эпосунун пайда болуу тарыхы боюнча лекция уюштурулду.

Мындан сырткары, учурда Сыдыковдун эң узак мөөнөткө «Манас» айтуусун Гиннестин рекорддор китебине киргизүү үчүн тиешелүү материалдар даярдалып жатканы кошумчаланды.

Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга 7-сентябрда саат 16:50дө учуп келет. «Манас» аэропортунан Сыдыковду тосуп алуу үчүн Маданият министрлигинин өкүлдөрү, манасчылар жана өнөр адамдары даярдык көрүшүүдө.

Сыдыков буга чейин да Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 сааттан ашуун «Манас» айткан. Ал Гиннесс рекорддор китебине кирүү үчүн эпосту 12 сааттан ашуун айтууну көздөгөн болчу.

«Манас» — эң көлөмдүү кыргыз эпосу. Ал ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннесс китебине кирген.

Дагы окуңуз:

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт манас айтты