Коронавирустан төрт адам каза болуп, 97 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын 8-сентябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 97 жаңы учуру катталып, төрт адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

Бишкек шаары - 47;

Чүй облусу – 22;

Ысык-Көл облусу – 11;

Баткен облусу - 4;

Жалал-Абад облусу – 3;

Нарын облусу - 3;

Ош шаары - 3;

Ош облусу – 2;

Талас облусу - 2.

Мындан сырткары, акыркы суткада 166 бейтап коронавирустан айгып чыкты. Өлкө боюнча COVID-19 айыккандардын саны жалпы 170 911. Учурда 721 адам ооруканада. Ал эми 1134 адам үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, акыркы суткада илдеттен төрт бейтап каза болду. Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпы 2561 киши вирустан көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, акыркы суткада COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6292 адам, ал эми экинчи дозасын 8337 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.