«Акыркы көч» тасмасы Колумбиядагы фестивалда көрсөтүлөт

«Акыркы көч» (The Road to Eden) көркөм тасмасы Atlantic International Film Festival кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы маалымдады.

«Atlantic International Film Festival фестивалы кинорежиссерлор, теоретиктер жана башка кино адистери үчүн жолугушуу ордун түзүү концепциясынын алкагында пайда болгон», — деп жазылат маалыматта.

«Акыркы көч» көркөм тасмасы.

Тасманын бет ачары 1-сентябрь күнү Бишкектеги «Космопарк» борборунун кинотеатрында өткөн. Ал эми дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы Эстониянын борбору Таллинде өткөн эл аралык кинофестивалда болгон.

Премьера маданият министри Кайрат Иманалиев, кинематография департаментинин башчысы Мукталы Бектеналиев, фильмди жараткан чыгармачыл топ, маданият тармагынын өкүлдөрү жана кино сүйүүчүлөрдүн катышуусунда болгон.

Фильмде белгилүү жазуучу Кубат Алиевдин өмүрүнүн акыркы күндөрүн баяндоо менен жалпы адамзаттык баалуулуктардын унутта калганы, адамдар көр дүйнөнүн артынан түшүп, адамгерчилик, чынчылдык, боорукерлик деген улуу мурасты кийинки муунга өткөрүп берүүгө умтулбаганы көрсөтүлгөн.

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун дал ушул «Акыркы көч» тасмасы буга чейин бир катар эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, бир нече сыйлыктарга ээ болгон.

Ошондой эле, Дакка Эл аралык кинофестивалынын башкы сынагында Гран прини жеңген. Ал эми Куала-Лумпур кинофестивалында калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыган.