Кызыл-Кыянын борбордук базарында өрт чыкты, жабыркагандар жок

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын борбордук базарында 9-сентябрга караган түнү өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрттүн кесепетинен болжол менен 2500 чарчы метр аянт күйгөнүн, жабыркагандар жоктугун кабарлашты.

Тилсиз жоо кечки саат 21:00 чамаларында башталган. Аны менен күрөшүүгө министрликтин беш өрт өчүрүүчү унаасы жана 18 куткаруучусу тартылып, саат 5:35те өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Соцтармактарда жарыяланган тасмаларда ондогон соодагерлер товарларын куткарып калууга аракет жасаганын, ал эми жарым-жартылай күйүп калган товарлар жерде жатканын көрүүгө болот.

Ошондой эле өрт базардагы дүкөндөргө да өткөн — видеолордун авторлорунун биринин айтымында, 20га чукул дүкөн өрттөлгөн.

Учурда өрттүн себеби аныкталууда. Ал эми кырсыкка күбө болгон жергиликтүү тургундардын бири «Клоопко» өрт «кыска туташуу» же соода түйүндүн ичинде ширетүү иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу чыкканын божомолдоду. Анын айтымында, 8-сентябрда электр станциялардын биринде оңдоо иштери жүргүзүлүп, шаардын жарымында электр энергиясы болгон эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 30-августуна караган түнү Баткен шаарында базардын жанындагы беш дүкөн жана кийим тигүүчү цех өрттөнгөн. Тилсиз жоо жети сааттан кийин өчүрүлгөн.