Бишкек ЖЭБдеги авария: Жантөрө Сатыбалдиев 4-шаардык ооруканага жаткырылды

Бишкек ЖЭБ иши боюнча соттолгон экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев борбордогу төртүнчү шаардык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Ведомство мурдагы чиновниктин диагнозун ачык айткан жок, болгону конвойдун кайтаруусунда дарыланып жатканы белгилүү болду.

Сатыбалдиевдин жүрөк оорусу бар. 2020-жылдын ноябрь айында ал колониядан ооруканага которулуп, операция жасалган — жүрөгүнө стент орнотулган. Анда ЖАМК экс-чиновник Улуттук кардиология жана терапия борборунда, жаза аткаруу кызматкерлеринен турган конвойдун коштоосунда дарыланып жатканын билдирген болчу.

Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция иши боюнча жаза мөөнөтүп өтөп жатат. 2019-жылы сот аны мүлкүн конфискациялоо менен 7,5 жылга эркинен ажыраткан.

2020-жылы октябрь окуяларында Сатыбалдиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары, азыркы өлкө башчысы Садыр Жапаров сыяктуу жаза мөөнөтү аягына чыга электе эркиндикке чыккан. Садыр Жапаров премьерлик кызматка келген 10-октябрдан тартып 5-6-октябрда колониядан чыгып кеткен саясатчыларды кармап, абакка жана ТИЗОго кайтара башташкан.

12-октбрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев колонияга кайтып келгенин билдирген. Анын кесиптеши, Бишкек ЖЭБ иши боюнча соттолгон экс-премьер Сапар кайтып келген эмес.

ЖЭБдеги авария

Бишкек ЖЭБи. Сүрөт: Данил Усманов атайын Kloop.kg үчүн

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш иши 2018-жылы январдын аягында, жылуулук борборундагы жарылуудан кийин козголгон. Анын айынан шаардыктардын үйлөрүндө температура төмөндөп, ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Аварияга чейин ЖЭБ 386 миллион доллар насыянын эсебинен модернизацияланган болчу.

Сапар Исаков жана Айбек Калиев авариянын эртеси Бишкек ЖЭБде. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, 2019-жылы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Улуттукэнергохолдингдин экс-башчысы Айбек Калиев 15 жылга эркинен ажыратылган.

Салайдин Авазов. Сүрөт: 24.kg

«Электр станциялары» мамлекеттик компаниясынын директору Салайдин Авазовго 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

КСДП партиясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев.

Айыптоочу тарап камакка алынышын талап кылбаган жалгыз фигурант мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев эле. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген. Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, 5 млн сом айыппулду төлөөгө милдеттендирилген жана 3 жыл мөөнөт менен мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыратылган.

Ольга Лаврова

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова дагы күнөөлүү деп табылып, 3 млн сом айып пулга жыгылган.

Жолдошбек Назаров

Мамлекеттик айыптоочу «Электр Станциялардын» директорунун мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди жаңыртуу боюнча башкаруу топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго да ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча 11 жылга эркинен ажыртууну суранган. Сот аларды күнөөлүү деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыраткан. Алар жаза мөөнөтүн ТИЗОдо өткөргөндүктөн, сот залынан бошотулган.

Темирлан Бримкулов

Ал эми Исаков өзү авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүндө эмес, эски корпустарында чыккан деп бир нече жолу айткан. Бирок депутаттар комиссия түзүп, жылуулук борборунун модернизациясы жаңыртуунун баасы кымбаттатылган деген корутунду чыгарган. Исаков 5-октябрдагы башаламандыктардын шартында эркиндикке чыгып, ошол бойдон абакка кайтып келген эмес. 26-октябрда ЖАМК Исаковго эл аралык издөө жарыяланганын билдирген.