Окумуштуу Асел Сартбаеванын вакцинаны ташуу боюнча изилдөөсү каржылоого ээ болду

Кыргызстандык окумуштуу, химия илимдеринин доктору Асел Сартбаева химия тармагындагы инновациялык изилдөөлөрү үчүн каржылоого ээ болду. Бул тууралуу Сартбаева иштеген Британиядагы Бат университетинен билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, Сартбаева машина куруу тармагынын окумуштуусу Вимал Дхокия менен бирге «Инновациядан университеттик изилдөөлөрдү коммерциялаштырууга» ICUR программасынын алкагында каржылоого ээ болду.

Программаны курамына Улуу Британиянын бизнес долбоорлорду колдоого алган бир нече университети кирген SETsquared тобу колдоп келет.

«Үч айлык программанын алкагында 30 миң фунт стерлинг каралган, ал изилдөөлөрдү лабораториядан рынокко чыгаруу үчүн университеттин изилдөөлөрүн рыноктук текшерүүдөн өткөрүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Сартбаева каржылоо ага вакцинаны коопсуз жана сапатын жоготпой ташуу боюнча мурда өзү ойлоп тапкан изилдөөсүн коммерциялаштырууга зарыл болгон бизнес-билим жана тажрыйба алып келерин билдирди.

Сартбаеванын долбоорун каржылоону Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт да белгиледи. Ал өзүнүн твиттерине Сартбаеванын эмгеги глобалдык мааниге ээ экенин жазды.

«Сартбаеванын ачылышынын жардамы менен вакцинаны бөлүштүрүү алда канча жеңил, арзан жана коопсуз болуп жатат», — деп жазды Гарретт.

Асел Сартбаева — дүйнө жүзүнө Борбор Азиядан биринчилерден болуп чыккан окумуштуу аял деп таанылган. 2004-жылы Кэмбридж Университетинде докторлук даражаны алган. 2007-жылдан баштап Оксфорд Университетинин химия факультетинде изилдөөлөр менен алектенип, 2012-жылы Бат университетине өткөн.

Ошондой эле, ал Англиядагы Падышалык илимий коомчулуктун мүчөсү болуп эсептелет. Бул коомчулукка Дороти Хожкин, Майкл Фарадей, Исаак Ньютон, Стивен Хокиң жана башка көптөгөн окумуштуулар мүчө болушкан. Сартбаева Бат университетинде Вакцинаны сактоо жана жеткирүү боюнча жаңы метод ойлоп тапкан.

*Энсликация кремний капталган вакциналарды муздатуусуз сактоонун инновациялык ыкмасы. Мындай жол менен вакциналарды сактоо, же болбосо жеткирүүдө белгилүү бир температураны кармаган атайын муздаткыч талап кылынбайт. Мындай ыкма менен вакциналар 100°C ысыкка чыдап, 3 жылга чейин бузулбайт. Энсликация жаңыдан өнүгүп келе жаткан, муздаткыч технологиялары жок өлкөлөргө жардам берет — вакцина арзандап, аны өлкөнүн эң алыска аймактарына жеткирүүгө шарт түзүлөт.

Мындан сырткары илимпоз вакцинаны сактоонун инновациялык жолун ойлоп тапкандыгы үчүн 2017-жылы IChemE Global Awards сыйлыгын алган. Ал эми 2019-жылы Сартбаева The Chemical Engineer илимий журналына бул тууралуу жазгандыгы үчүн Хансон медалына татыган.

2020-жылы химия илимдеринин доктору өзүнүн ачылышы менен Улуу Британиядагы Падышалык химия коомчулуктун «Ден соолук» багытындагы «Жаңы технологиялар» конкурсун жеңген.