«8 млн сомдук зыян». УКМК эки бажычыны аткезчиликке шектеп кармады

«Түндүк» темир жол бажысынын «Кара-Балта» каттоо бекетинин жогорку кызматында иштеген эки кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы 10-сентябрда билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 17-августта «Кара-Балта» бажы каттоо жеринен «ALG» ЖЧКсына таандык үч жүк ташуучу унаа кармалган. Аталган унаалар тийиштүү бажы процедураларынан өтпөстөн Бишкектеги «Дордой» базарына Түркиядан чыгарылган фирмалык кийимдер алып киришкен.

«Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүк бажы мамилелеринде фирмалык кийим түрүндөгү товарларга салыштырмалуу төмөн баада жол-жоболоштурулуучу трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган», — деп берилет маалыматта.

УКМК «ALG» компаниясы жана бажы кызматкерлери жасаган мыйзамсыз иштердин айынан мамлекетке сегиз миллион сомдук зыян келтирилгенин билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыян шектүүлөр тарабынан толугу менен мамлекетке кайтарылган.

Анткен менен шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми атайын кызмат бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тергөө улантылып жатканын кошумчалады.