Баткен: Активисттер бийликтин убадасын көзөмөлдөгөн сайт иштеп чыгышты

Баткен облусунун активисттери бийлик өкүлдөрүнүн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу берген убадаларын мониторинг кылган сайт ачышты. Бул тууралуу «Клоопко» долбоордун жетекчиси Элдияр Жээналиев билдирди.

Анын айтымында, апрелдин аягындагы Баткен облусундагы куралдуу жаңжалдан кийин президент баш болгон бийлик өкүлдөрү берген убадалардын ишке ашканы аз болгон. Буга байланыштуу активисттер ар бир убаданы каттап, анын аткарылышын көзөмөлдөөнү чечкен.

«Быйыл эгемендикке 30 жыл, Баткендин облус болгонуна 22 жыл толот. Бирок чек арада чыр чыккан сайын бийлик өкүлдөрү келет, убадаларды берип, элди үмүттөндүрүп кетип калышат. Же убададан же өздөрүнөн дайын болбойт», — деди Жээналиев.

Сайт кантип иштейт?

Сайттын башкы бетинде «Убаданы берген эмес, аны аткарган улук» деген лозунг менен «Баткенге берилген убада аткарылабы» деген суроону көрүүгө болот — эки сүйлөмдүн ортосунда Баткендеги куралдуу жаңжалдан бери канча күн, саат, мүнөт жана секунд өткөнү жазылып, автоматтык түрдө жаңыланып турат.

«Убадалар» бөлүмүндө ар бир бийлик өкүлүнүн убадасы жазылып, ал макамына жараша «процессте», «аткарылды» же «аткарылган жок» деп белгиленет. Азыркы тапта сайтта президент Садыр Жапаровдун аткарылбаган беш убадасын көрүүгө болот.

Ошондой эле Баткенде чек арада болгон окуяларды түз жеткирип туруу үчүн жаңылыктар бөлүмү да бар — ал жака элдин мүдөөсүн, реалдуу жашоосун чагылдырган материалдарды да жайгаштыруу пландалууда.

Мындан сырткары активисттер «Фокуста Баткен» деп аталган бөлүмдү кошкон — анда куралдуу кагылышууга байланыштуу иликтөөлөр жана фильмдер авторду көрсөтүү менен жарыяланат.

Долбоорду ким каржылады?

Элдияр Жээналиев бул сайтты ачууга май айында президентке суроо берип шериги Садырбек Саматов менен чогуу провокатор аталганы* да себеп болгонун белгилеп өттү. Анын айтымында, сайтты ачуу идеясы ошондо келген.

* 2021-жылдын 6-майында президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Лейлек районунун тургундары менен жолуккан. Анда жергиликтүү активисттер президентке курулушу талаш жараткан Хожаи Аъло — Ворух жолу туралуу суроо узатып, «эмнеге кыргыз бийлиги кол коюлган протоколду жашырып жатат» деп кызыгышкан. Президент жооп бере баштаганда Камчыбек Ташиев жоопту сактап алуу үчүн видеого тартып жаткан балдарды колу менен кезеп көрсөткөн. Ошол замат УКМКнын кызматкерлери суроо узаткан балдарды жыйындан четтеткен. Ал тургай, активисттер президент аларды «провокатор», ал эми Ташиев «тарбиясы жок» дегенин белгилешкен. Президенттин «провокатор» деп атаганын жолугушууну чагылдырууга барган «Азаттыктын» журналисти Айбек Бийбосунов да тастыктаган.

Активист долбоорду ишке ашыруу үчүн каражатты алач ыктыярчы ага-эжелери, чет өлкөдөгү мекендештер көмөк көрсөтүп топтоп бергенин, андан соң Кыргызстандагы «Журналисттик иликтөөлөр фондунан» грант алганын кошумчалады.

Бул жерди басып сайтка кириңиз