«Унаа» ишканасын жетектеген президенттин кудасы кызматтан бошотулду

Турусбек Түмөнбаев

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаевди кызматынан бошотту. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы 13-сентябрда маалымдады.

Түмөнбаев «Унаа» ишканасы 527 млн сомдук тендерге байланыштуу текшериле баштаган шартта кызматынан бошотулду — тендер транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоо үчүн жарыялаган. Ал эми Temirov Live’дын журналисттери тендерди 518 млн сомго «Гознак» ишканасы утуп алганын, ал компания Түмөнбаев менен байланышы бар экенин аныктаган.

Түмөнбаев бул кызматка 2020-жылдын 21-октябрында дайындалган. Ал президент Садыр Жапаровун бир тууган эжеси Акат Жапарованын күйөөсү.

Temirov Live’дын иликтөөсү

11-сентябрда Temirov Live ютуб-каналынын журналисти Актилек Капаров «Унаа» жарыялаган тендерди утуп алган «Гознак» компаниясы мекеменин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев менен байланышы бар болгонун аныктаган.

Журналисттер мамлекеттин үлүшү бар «Гознак» компаниясы өзү жарыялаган 32 тендерди «Иштиктүү стратегия» компаниясы утуп алганын ачыктаган. Аталган компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири 21 жаштагы Айгерим Тогузбаева — ал Түмөнбаевдин кызы.

Мындан сырткары, Temirov Live сегиз компанияны камтыган «Континент» бирикмесинин ичинде тендерди уткан «Гознак» жана Түмөнбаев негиздөөчүлөрдүн бири болгон «Континет Плюс» компаниялары бар. Кызыгы, Түмөнбаевден сырткары «Континент Плюстун» негиздөөчүлөрү Олег Подобедов жана Наталья Давиденко — алар «Гознактын» да негиздөөчүлөрү катары көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, журналисттер Түмөнбаевдин кызына таандык «Иштиктүү стратегия» жана «Континет Плюстун» дареги бир жерде болгонун ачыкташкан.

Журналист Капаров бул жерде «кызыкчылыктардын кагылышуу фактысы ачыктан ачык көрүнүп турганын» айтып, аталган тендер 1-сентябрда жокко чыгарылганын белгиледи. Буга «Унаа» менен «Гознактын» ортосундагы «пикир келишпестиктер» себеп болгон.

Ал эми тендердик комиссия «техникалык талаптарды кайра карап чыгуу менен» тендерди кайрадан жарыялоону чечти.

«Түмөнбаев “Унаанын” башчысы катары кызматка киришээри менен жумушту кызыкчылыктардын кагылышын токтотуу менен башташы керек эле. Бирок ал андай кылган эмес. Тескерисинче — аны менен байланышы бар компания ал жетектеген мамлекеттик ишкананын жарым миллиард сомдук тендерин утуп алган. Ооба, тендер жакында эле жокко чыгарылган, бирок экинчи жолу жарыяланган тендерди кайра эле “Гознак” жеңип чыгат деп эч ким кепилдик бере албайт, анткени ал президенттин кудасы. Эч ким ага эч нерсе дей албайт. Же дей алабы?» — деп суроо салат Актилек Капаров.