COVID-19: Жаңы 82 учур катталып, эки киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык ыкчам штабдын 14-сентябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун жаңы 82 учуру катталып, эки киши каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

Бишкек шаары - 40;

Чүй облусу – 19;

Ысык-Көл облусу – 7;

Жалал-Абад облусу – 6;

Нарын облусу - 5;

Талас облусу - 3;

Баткен облусу - 2.

Ошондой эле, акыркы суткада 127 бейтап коронавирустан айыгып чыкты.

Жалпысынан пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 177 308 киши ооруну жуктуруп, анын 171 650сү айыкты. Коронавирустан жалпы 2 576 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 605 бейтап дарыланып жатат. Ал эми 1016 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.