Ош: Облус башчынын үчүнчү орун басары болуп Уристем Манапов дайындалды

Уристем Манапов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Манапов ушуну менен облус башчынын үчүнчү орун басары болду — ал кайсы тармакты башкараары азырынча белгисиз. Андан сырткары, өкүлчүлүктө коомдук блок боюнча Данияр Жаныкулов, айыл-чарба жана укук коргоо боюнча Бактыбек Алайчиев иш алып барышат.

Жаңы дайындалган орун басар 45 жашта. Ал Ош облусунун Өзгөн районунан. Кыргыз-өзбек университетинде бухгалтердик адистикти жана Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы Ош шаардык салык кызматында инспектор болуп баштаган. Андан соң 1999-жылдан 2002-жылга чейин Ош облустук салык кызматынын алдындагы салык полиция бөлүмүндө иштеген.

Мындан сырткары 2006-2012-жылдары ошондогу финполициянын Ош шаарындагы башкармалыгында жана 2012-2016-жылдары Мамлекеттик салык кызматында эмгектенген.

2016-жылдан баштап Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын сектор башчысы болуп турган.

Облус башчысы Зиядин Жамалдинов да буга чейин салык кызматында иштеп келген.