Видео: Депутат Жанар Акаев ИИМге сурак бергени кирип кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн, 15-сентябрда, ИИМге сурак бергени кирип кетти. Ал саат 17:00гө суракка чакырылган. Чакыруу кагазында ал күбө катары сурала турганы жазылган, бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз.

ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Ал алгач суракка күбө катары чакырылып, андан кийин ага «үстүбүздөгү жылдын сентябрында Бишкекте массалык башаламандык уюштуруу» боюнча айып тагылган.

Буга соцтармактарда «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деп тараган аудио жазуу себеп болгон. Анда ыктымал Асанов менен «Толубай» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Алмаз Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Ошондой эле аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Асановго таянып үн жазууну «монтаждалган» деп билдирди.Ал эми ИИМдин мурдагы башчысынын дагы бир адвокаты Чынара Жакупбекова «Асанов аудиодогу сөз өткөн жылдагы октябрь окуялары боюнча болгонун айтты» дейт.

Ал эми депутат Жанар Акаев өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап видеодогу сөздөрдү «карандай калп» деп атады. Ошондой эле Курсан Асанов менен «көп убакыттан бери сүйлөшпөгөнүн» белгилеп, «мен өзүм бийликтин бир бутагында отурсам кантип бийликти басып алам» деп суроо салды.

«Жанар деген сөздү эптеп алып келип чаптап, элди ишендирип, “ушулар бир тополоң уюштурганы аракет кылып жатат” дегендей калп маалымат тараганы абдан өкүндүрөт. Анткени калп, жалган мамлекеттик деңгээлде айтылып, бул нормага айланып баратканы абдан кейиштүү көрүнүш», — деди ал.


ИИМ: Курсан Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды