Нью-Йорк соту Centerra’нын кыргыз өкмөтүн айыпка жыгуу доосун четке какты

15-сентябрда Нью-Йорктун банкрот иштери боюнча соту Centerra Gold Inc’тин адвокаттарынын Кумтөр кени боюнча доосун карап, Кыргызстандын өкмөтүнө санкция колдонуудан баш тартты. Бул тууралуу учурда өлкө бийлиги сыртынан башкарып жаткан «Кумтөр Голд Компаниге» (КГК) таянып, Tazabek басылмасы жазды.

Судья азыркы учурда кыргыз бийлигинин аракети соттун «автоматтык түрдө токтото туруу» тууралуу буга чейинки буйругун бузбаганын белгилеген.

«Убактылуу сырткы башкаруунун улануусу бул — статус-кво, ал эми Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан документтерди кийинкиге калтыруу же суратуу чечими иштин негизине байланыштуу болбогондуктан, ал эми кылмыш иликтөөлөрү тийиштүү өзгөчөлүктөргө туура келгендиктен жана келишим бузулганы тууралуу божомолдор иш жүзүндө мурда Нью-Йорк соту киргизген автоматтык түрдө сырткы башкарууну токтотуучу бузууга алып келген эмес», — деп билдирген КГК.

Centerra кандай өтүнүч келтирген?

Centerra Gold компаниясынын туунду ишканалары — «Кумтөр Голд Компани» (КГК) жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» (КОК) 25-августта Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылышкан. Алар «Кумтөр алтын кенин мыйзамсыз басып алганы үчүн» Кыргызстандын өкмөтүн айыпка жыгууну өтүнгөн.

Centerra компаниясынын адвокаттары айыптын өлчөмүн күнүнө бир миллион доллар деп баалашкан.

Ошондой эле, документте Кыргызстан соттун токтомун бузуп жатканы жана КГК менен КОКту аларга АКШнын банкротко учуратуу тууралуу кодекси камсыздаган коргоодон ажыртканы айтылган.

Айыптан тышкары, доо арызда Кыргызстандын өкмөтүнүн ишти кыскартуу аракеттерине тыюу салуу өтүнүчү келтирилген. Аны менен катар арызда «Кумтөрдүн» убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ыйгарым укуктарын жана Кыргызстанда өтүп жаткан соттук териштирүүлөрдү токтотуу талабы дагы бар.

Бирок кендин айланасындагы соттор муну менен бүтпөйт. Нью-Йорк сотундагы отурум октябрда уланат.

Банкротко учуратуу боюнча сот

1-июнда Centerra’нын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йорктун түштүк округундагы банкрот иши боюнча сотуна кайрылышкан.

Арыз Кыргызстандын өкмөтү экологиялык бузуулар жана мыйзам бузуулары үчүн Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизгенден кийин беришкен. Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалайт.

Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту 19-июлда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп жарыялоо тууралуу өтүнмөсүн карап, аны кароодон убактылуу баш тартууну чечкен.