Кумтөр иши: УКМК экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кармады

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.

Жоомарт Оторбаев 

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, Оторбаев премьер-министр* болуп турганда Кумтөр кенинин башкы планы боюнча экспертиза өткөрүү боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине басым жасап, Суу кодексинин жана «Суулар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузган. Тергөө экс-премьер мындай кадамга Centerra Gold Inc. компаниясынын кызыкчылыгы үчүн барган жана Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн жок кылууга макулдугун берген деп эсептейт.

*Оторбаев 2014-жылдын 25-мартынан 2015-жылдын 24-апрелине чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган.

«Жоомарт Оторбаев ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан кармалгандан кийин анын катышуусундагы тергөө амалдары уланат, анын жыйынтыгы менен жакынкы 48 саат аралыгында Бишкек шаарынын Биринчи май райсоту тарабынан бөгөт чарасын аныктоо маселеси каралат», — деп билдиришти УКМКдан.

«Кумтөргө» байланышкан сурактар жана кармоолор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин билдирген. Бир иш «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигине байланыштуу, калган үч иш — коррупция фактылары боюнча аткаминерлерге байланыштуу.

Башкы прокуратура Кумтөр кенин казуу боюнча түзүлгөн келишимдин айланасындагы коррупция боюнча иликтөө башталганын 21-майда билдирген.

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев кармалган. Андан сырткары бир катар депутаттар, анын ичинде Асылбек Жээнбеков кармалган.

Алардын ичинен сот экс-депутаттары Талантбек Узакбаев менен Исхак Пирматовду күнөөлүү деп тапкан. Экөөнү сот 300 миң сом айыпка жыккан. Ошондой эле «Кумтөр» иши боюнча Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров 30-сентябрга чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот.

Абылгазиев тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин үй камагына чыккан. Ал мамлекетке 50 млн сом төгүп берген.

Тема боюнча: Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди

Андан тышкары, 2-августта ушул эле кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн качкын президент Аскар Акаев өлкөгө кайтып келген.

Бирок Акаев башка саясатчыларга салыштырмалуу кармалган эмес. Ал келген күнү тергөөгө көмөк көрсөтүү үчүн келгенин айтып, бир жумадан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.