Ош мэриясынын иш-чарасында Матраимовдун атынан Акжол Махмудовго батир тартууланды

Ош мэриясы өткөргөн спортчуларды сыйлоо аземинде балбан Акжол Махмудовго экс-бажычы, коррупционер Райымбек Матраимов тарабынан үч бөлмөлүү батир белек кылынды. Аны Жогорку Кеңештин депутаты, Матраимовдун тарапташы Шайлообек Атазов тапшырды.

«"Исмаил-Ата" коомдук фондунун президенти Райымбек Исмаилович тарабынан Акжол Махмудовго Бишкектен элиталык батир берилди. Ошону тапшырып коюуга уруксат этиниздер», — деди Атазов сахнадан.

Иш-чарада Оштун мэри Алмаз Мамбетов, парламенттин депутаты Айбек Осмонов да болду.

Ош мэриясынын басма сөз аталган иш-чарага 500гө жакын спортчу, машыктыруучулар жана спорт ардагерлери чакырылып сыйланганын билдирди. Бирок анда Матраимов тарабынан белек тапшырылганы тууралуу маалымат беришкен жок.

Акжол Махмудов — Токио-2020 олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган. Бул үчүн ага мамлекет тарабынан экинчи даражадагы «Манас» ордени, 10 млн сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа берилген. Ал эми Ош мэриясы спортчуга эгемендүүлүк күнүндө «Визион» курулуш компаниясы менен биргеликте шаардан эки бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлык белек кылган.

Махмудов жана Матраимовдун тарапташтары

Мэрия өткөргөн иш-чарада Матраимовдордун жигердүү тарапташтары да жүргөнү байкалды. Алардын айрымдары соцтармактарга спортчу Акжол Махмудов менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялашты.

Буга чейин, 3-сентябрда, Махмудов Матраимовдордун EREM спорт клубуна да барган. Анда ал клубда машыккан балдар менен жолугуп, алар менен баарлашкан.

Батирди тапшырган депутат Шайлообек Атазов болсо Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жакын адамы болуп эсептелет. Буга чейин ал EREM спорт клубунда аткаруучу директор болуп иштеген. Ал эми өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Матраимовдорго таандык «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барган.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өткөн Матраимовду колдоо митингдерине катышкан.

Матраимовдор жана журналисттик иликтөөлөр

Матраимовдор Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү клан деп саналат. Ага-инилердин улуусу Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында депутат.

Ал эми алардын ичинен эң белгилүүсү Райымбек Матраимов мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана аткезчилик, ошондой эле, акча адалдоо боюнча журналисттик иликтөөлөрүнүн башкы фигуранттардын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген.

Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин айткан. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Бишкектин биринчи май райондук соту Матраимовду «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Матраимов сот залында бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган. Бирок ага 260 миң сом айыппул салынып, сот залынан бошотулган. Аны менен кошо сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган. Буга Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, келтирилген зыяндын ордун толуктаганы негиз болгону кабарланган.

Кийинчерээк, 18-февралда, Матраимов кайрадан кармалып, эки айга камакка алынган. Анда ал «кылмыштуу кирешелерди адалдоого» айыпталган эле. Анда Ош жана Бишкек шаарларында Матраимовду колдоо митингдери өткөн. Ага депутаттар Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев жана Шайлообек Атазов катышкан.

15-апрелде болсо УКМК Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин кыскартып, аны абактан бошоткон. Атайын кызмат муну Матраимовдун жана анын жакындарынын чет өлкөлөрдө мүлкү табылбаганы менен түшүндүргөн. Анткен менен иликтөөчү журналисттер буга чейин Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова (Сулайманова) менен уйгур тектүү ишкер Хабибулла Абдукадыр БАЭде баштаган бизнестерин, Матраимовдорго таандык аппартаментин тапкан.

Дагы окуңуз:

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Maтраимовдордун Дубайдагы апартаменти

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдун бажы империясы

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Көмүскө кербен. Миллиондогон долларларды Кыргызстандан кантип накталай чыгарышат?