COVID-19: Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, 69 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

19-сентябрга карата коронавирустун 69 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 41;
  • Ысык-Көл облусунда — 11;
  • Чүй облусунда — 6;
  • Жалал-Абад облусунда — 4;
  • Нарын облусунда — 4;
  • Талас облусунда — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 177 722ге жетти.

Ошондой эле акыркы суткада 78 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен өлкө боюнча 172 189 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 594 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 881.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 588 киши көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 19-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 3 897 адам, ал эми экинчи дозасын 4 387 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.