Иммунопрофилактика борбору блогерлердин кызматы үчүн 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Республикалык иммунопрофилактика борбору (РИБ) 20-сентябрда блогерлердин кызматы үчүн 1,4 млн сомго тендер жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, алар социалдык тармактар жана РИБдин сайты аркылуу инактивацияланган полиомиелит вакцинасын (ИПВ)* жайылтышат. Бул «эмдөөнүн маанилүү экени тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулат» деп болжонууда.

*Полиомелит (балдардын шал оорусу) — полиовирус козуткан кооптуу жугуштуу оору. Ал нерв системасын жабыркатып, парез жана шалдын өөрчүшүнө алып келет.

РИБдин директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, тендер Эмдөө жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык Альянс (GAVI) долбоорунун алкагында жарыяланган.

«Бул донордук каражатты колдонбосок, кийин бизге каражат берилбей калат. Альянс бөлгөн акчаны колдонууга тийишпиз», — деди ал «Азаттыкка».

Жарыяланган тендер. Мамлекеттик сатып алуулар сайтынан скриншот

Анын айтымында, блогерлер полиомиелитке каршы вакцина алууга үндөгөн роликтерди тартат. Андан тышкары, алар COVID-19 илдетине каршы эмдөө жөнүндө постторду чыгарышат. Сценарийлерди адистер менен бирге жазышат.

«Тендерге ылайык, узак мөөнөттүү негизде профессионалдуу сүрөт, видео тартуу менен, жок дегенде бир жолу, келишим түзүү пландаштырылууда. Ошондой эле жарнак түрмөктөрү жана медиа таасир этүүчүлөр менен түз берүүлөр, ошондой эле алар менен бир жылдык узак мөөнөттүү иш бар», — деп айтып берди Ишенапысова.

Тендердин талабына кимдер туура келет?

Тендердин мөөнөтү 22-сентябрда аяктайт — тактап айтканда, жарыялагандан кийин эки күн өткөндөн кийин бүтөт. 24.kg маалымат агенттиги мамлекеттик сатып алуулар порталына шилтеме келтирип, блогердин катталуучуларынын саны 100 миңден кем эмес, ал эми тарыхчаларын көргөндөрдүн саны 2 миңден ашуун болушу керек экенин жазды.

Блогерлер менен келишим түз ыкма менен түзүлөт.

Ишенапысованын айтымында, 30-августтагы өзгөртүүлөргө ылайык, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамда сатып алуучу уюм ар бир берене боюнча сатып алууну түз ыкма менен келишим түзүү аркылуу 5 млн сомго чейин жүргүзсө болот.

Кыргызстанда полиомиелитке каршы өнөктүк үстүбүздөгү жылдын апрелинде башталган. Анда саламаттык сактоо министрлиги кампания 270 миң баланы эмдөөнү максат кыларын айткан. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, алардын ичинен 173 миңден ашык бала эмделген.

Башкы бетте иллюстративдик сүрөт колдонулду/ kabar.kg